Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылынын 7-8 айымдарынан турган чакан топ колго килем токуп киреше табышат. Табигый жол менен бардыгы колго жасалган килемдерге суроо талап жогору.
Канышай Масалиева Лейлек айылына келин болуп барган соң чет өлкөгө мигрант болуп иштеп келген. Андан кийин балалуу болуп, аларды таштап кетүүгө мүмкүн болбогондуктан айылдагы коңшу аялдар менен биргеликте килем согууга киришкен. Алар айылдагы бир үйдү ижарага алып килем, жайнамаз, жерге чалуусу түрдүү дорожкаларды колго токушат:
“Негизи бул килем согууну 2001-жылы айылдагы улуу апалар башташкан. 3-4 жылдан бери биз улантып жатабыз. Коңшу 7-8 аял иштейбиз, бирибиз бошобой калганда экинчибиз жасай беребиз. Биз ар түрдүү жүн килем, арави килем жана машинага чехолдорду согобуз. Бизге буйрутма бергендер көп.”
“Килем согуу илгерки ата-бабалардан калган ага атайын деле станок жана башкалар керек эмес. Кол эмгегин талап кылган жумуш. Өзүбүздө бар койдун жүнү жана турбалар менен эле жасайбыз. Жүндү атайын ийрип өзүнүн түсүндө табигый жасайбыз. Кээде боеп ар түрдүү өң берип дагы коебуз. Элден жүн, базардан түстүү боекторду жана эришин гана сатып алабыз.”
“Кардарлардын буйрутмасына жараша жука же калың кылып даярдап беребиз. Жалгыз даярдасам жүз килемди 5 айда жасап бүтөм. 30кг жүн ийрүү керектелет. Бизде иштеген аялдардын арасында кыз-келиндери жардамдашкандар бар алар мындан тезирээк бүткөрүшөт. Көбүнчө айылда кыз узатууда сеп катары буйрутма бергендер көп. Андан сырткары коңшу айылдардан дагы буйрутмалар келип түшөт.”
Килем токууну айылда улуу аялдар гана билет. Мындан улам Канышай Масалива кийинки муунга дагы үйрөтүүнү көздөп, ошондой эле буйрутма бергендердин саны өсүп жаткандыктан килем токуган жаңы топторду түзүүнү көздөп жатышканын айтат:
“Акыркы учурларда буйрутманын саны өсүп кетти. Азыр абдан көп. Биз жасап жаткен жер өтө муздакта иштегенге шарт жок болгондуктан 2-3 айга тыныгып турабыз. Күн жылып калганда кайра ишти улантабыз. Биз жаштарга дагы үйрөтүп жатабыз. Алдыда жүн тытуучу апарат алсак жакшы болот эле. Учурда долбоор жазып муну ишке ашыруу үстүндө жүрөбүз.
Айыл жеринде үйдө отура бергенде эч нерсе жок да. Андан көрө кошумча акча каражатын иштеп табуу үй-бүлөлүк бюджетке бир топ эле пайда алып келет. Жолдошубуз тапкан акчага кошумча жардам болуп жакшы иштерди ишке ашырып алганга жакшы мүмкүнчүлүк болот.”
Айгерим Кубатбекова