Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Фарида Молдосанова 2 жылдан бери колго түрдүү оюнчуктарды токуп сатат. Ал декреттик өргүүдө бул иш менен алектенүүнү баштаган. Учурда социалдык медиа аркылуу буйрутма алып кардарларына даярдап берет. Алдыда колунан даярдалган оюнчуктарды жана ага керектүү нерселерди саткан дүкөн ачууну каалайт.
Фарида Молдосанова бир баланын апасы. Алгачкы колго токуган буюмдары дагы дал ушул баласына арналган. Улам бир нерсени жараткан соң адамда шык пайда болуп кийинкисин андан дагы жакшы кылып жасоо каало жараларын белгилейт:
“Бала менен үйдө отуруп калганда бош убакыт көбүрөөк болуп өзүмдүн балама майда- чүйдө нерселерди токуп берип баштап калдым. Анан кышкыга башмак (чешка) токуп сатып жүрдүм. Ошондой эле кичинекей кыздын чыптамасын (жилетка) токуп чыгарып көрдүм, ошондон көп буйрутма түшүп баштады. Анда комплект кылып (топу, пиньетка, жилет) саттым.”
Ал эми балдарга оюнчук токууда өзгөчө ой-жүгүртүү жана кызыгуу маанилүү. Ага кошумча аллергия пайда болбош үчүн сапаттуу жип керектелет.
“Балдарга оюнчук токуган өзүмө абдан кызык. Башында өзүмдүн эле сиңдим, бөлөм коенек токуп берүүмдү суранды, ошондо бир оюнчук токудум, аны интернетке жайгаштырып койсок көп суроо болду оюнчукка. Алгач өзүмдүн туугандарыма сатып көрдүм. Кантип сатарды билбей эле көп кылып токуп жүрдүм. Анан курбу кызым ярмаркада чыгарып сатып бере баштады. Жакшы киреше таптым.”
“Оюнчуктарды көбүнчө интернеттен алам, өзүмдүн каалоомо жараша өзгөртүп да коем. Кээде атайын мастер класс сатып алам. Мен токуган оюнчуктарды көбүнчө белекке бергенге сатып алышат. Кардарларым балдарына алып берет. Алар аябай ыраазы болуп, кайталап буйрутма бергендер көп. Азыркы убакта суроо талап жакшы. Көптөр түшүнүп калышты кытайдын оюнчугуна караганда таза, жакшы экенин. Бул оюнчукту жууса дагы эч нерсе болбойт.”
“Мен мектепте окуп жүргөндө эле кол өнөрчүлүк кылчумун. Эң негизгиси кызыгуу керек, аябай майда кыбыр жумуш. Токуганда мен эс алам. Улам бир жаны нерсе токуганда аябай кубанып, дагы андан жакшысын андан да коозун токуганга, кардарлардын талабына ылайык, андан ашып берилүүгө аракет кылам”.
“Каракол шаарында турабыз, бул жакта токуганга керектелүүчү нерселер жокко эсе ошол эле жип. Бишкекке барып алып келүүгө туура келет. Келечекте өзүм токуган оюнчуктарды, токуганга керектелүүчү нерселердин баарын саткан чакан дүкөн ачсам деп кыялданам.”
Ишкер айымдар тууралуу материалдарды бул жерден окуй аласыз:
Баш кийим токуп кошумча каражат тапкан Алина Маматзакирова
Мээрим Таалайбекова: Эч качан билим алууга кеч эмес
Табигый азык жасап ишкерлик кылган жаш үй-бүлө
Койдун жүнүн кайра иштетип ишкерлик кылган айымдар
Айгерим Кубатбекова