Кыргызстанда салттуу баалуулуктар тууралуу “өзүңдүн саймалуу батаңды түз” аттуу оюн пайда болду. Саймалар аркылуу кыздарга берилген заманбап баталардын маанисине “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова токтолду.

“Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова
— Туш кийизге катылган энелердин батасын элге алып чыгуу идеясы кантип жаралып калды?
— Ала качуу, аялдардын укугу багытында иштеп жатканыбызга 15 жылдын жүзү болду. Алгач коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюу максатында тегерек стол, семинарларды өтүп, материалдарды даярдачу элек. Бара-бара кыз-келиндерге турмуштук оор абалдан чыгуу жолдорун көрсөтчү материалдарды даярдагыбыз келди. Мен өзүмдүн үйүмдө таенемдин туш кийизин көрүп, ойлонуп калдым. Таенемдин таенеси ошол туш кийизди “Гүлдөй бергиле, үйүңөрдө бири-бириңерге колдоо болсун” деген тилек менен кызына арнап сайган экен. Бирок, туш кийизди ушинтип окуйт деп азыр эч ким билбейт. Мен дагы өзүмдүн кызыма туш кийиз даярдоо максатында курска бардым. Анда мага өзүңдүн тилек, баталарынды жаз деген кеңеш беришти. Ошондо мен башка апалар дагы ушинтип жазса болот экен деп ойлодум.
— Сиздердин коомдук фонд зордук -зомбулук, ала качуу ж.б коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюу багытында иш алып барасыздар. Бул ыкма менен терс көрүнүштөрдү кыскартууга болобу?
— Уюм катары зордук-зомбулук жаман деп түз айтканда биз башка адамдар кандай жашашы керектигин үйрөткөндөй болуп калат экенбиз. Муну көпчүлүк терс кабыл алат. Алар эмнеге кайсы бир уюм келип, бизге кандай жашаш керектигин үйрөтүшөт деп ойлошу мүмкүн. Бирок, зордук — зомбулук, ала качуу ж.б терс көрүнүштөр тууралуу айтпай койсок маселе чечилип калбайт. Кризистик борборлорго телефон чалуулар, кайрылуулар күнүгө болот. Мындан улам, маселени чечүүнүн башка ыкмаларын карадык.

— Бүгүнкү күндө кызга туш кийиз жасап арнаган апалар чанда кездешет эмеспи…
— Азыр апалар кыздарга сеп берип жатканда өздөрү сайбаса дагы менин кызымдын себи жакшы болсо экен деп кол өнөрчүлөрдү издешет. Бирок, маанисин айтпай эле жакшынакай болсун, өңү кызыл жана гүлдүү болсун деп коюшат. Ошондуктан, биз кызына сеп камдап жаткан апаларга биздин сайтка кирип, баталарды тандап кошсо боло тургандыгын айтып жатабыз. Бата-бул күч. Оор абалга туш болгон кыздар дагы бата алсын деген бизде тилек болду. Алар дагы менин үй бүлөм бар, мени колдогон адамдар бар деген колдоону сезсин деген маани бергибиз келди. Ошондой эле ар бирибиз өз батабызды түзүп алсак болот.
— Баталардын маанисине токтолуп өтсөңүз.
— Биз аймактарды кыдырып, апалар менен жолуктук. Туш кийизди окуганда көп маани чыкты. Мисалы туш кийизде түз кеткен ак линиялар кездешет. Анын мааниси “сенин жашооң тунук дарыядай болсун” деген бата экен. Же болбосо тоолор кездешет. Ал “бийиктиктерди багындырып, кооздукка суктанып жашагыла” дегенди туюндурат. Ит куйрук деген сайма кездешет. Анын мааниси “турмуш курганда өмүрлүк жарың менен эриш-аркак жашагыла” дегенди туюндурат. Биздин апалар илгертеден кыздарына арнап ушундай саймаларды сайган экен. Аны окуган кыздары ата-энесинин колдоосун сезе алчу. “Эгер кыйынчылык болсо, бизге кайрыла бер. Эгер жакшы жашасаң биз кубанычта болобуз” деген маанилер камтылган. Биздин оюн форматындагы батага ушул маанилерди коштук. Ошондой эле жашоодо өз ордун табуу, уруунун күчү сыяктуу заманбап баталарды дагы коштук.
Касиет Кубанычбек кызы