Тогуз-Торо районунда элдик жыйын болуп өттү. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагулов жана айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Элдик жыйында беш айыл өкмөт башчылары аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды беришти.
Тогуз-Торо районунда элдик жыйын өттү
Элдик жыйында айыл өкмөттөр аткарылган иштер туралуу малымат беришти. Айылдардагы таза суу көйгөйү, курулуш иштери, көмүр, көчөлөрдү оңдоо жана жол маселеси туралуу билдирүүлөр жасалды.
Ошондой эле жыйында район тургундары мекеме кызматкерлерине, айыл өкмөт башчыларына суроолорун берип, тиешелүү адистердин жоопторун уга алышты. Аталган жыйынга катышкан айыл тургуну Жапараалы Казыбаев эндик жана сасык матал өсүмдүктөрүнүн терилип жатышы тууралуу суроосун узатып, экологияга маани берүүгө чакырык жасады.
Айыл тургуну Жапараалы Казыбаев эндик жана сасык матал өсүмдүктөрдүнүн терилип жатышы тууралуу суроосун узатты
«Мен өзүм экология боюнча суроо бердим. Эндик жана сасык матал өсүмдүктөрүн түп тамырынан жулуп кетип жатышат. Жоголуп кетүү коркунучунда турат. Бул суроомо экологдон жооп алдым», — дейт Жапараалы Казыбаев.
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев маалымат берип жаткан учуру
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев элдик жыйында айыл өкмөт башчы болуп шайлангандан бери аткарылган иштерге токтолду.
«Ички жолдордун оңдолушу, суу түтүктөрдүн орнотулушу, каналдарга суу чыгаруу, сугат суу менен камсыз болгонун, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн эски имаратын чатырын жаңылоо, талапка ылайык каалга терезелеринин алмаштырылганын, мектептердин кышка даярдыгы, инвестициянын тартылышы боюнча жалпы маалымат бердим. Жергиликтүү тургундар тарабынан кызыктырган суроолоруна жооп бердим», — дейт айыл өкмөт башчы.
Анара Мааметова