Дүйнөдөгү болуп жаткан пандемиялык кырдаал балдардын саламаттыгына таасир этпей койбойт. Анткени балдарга карата ар кандай эмдөөлөр убагында жүргүзүлбөй, кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.
Азамат Дүйшөналиев Ак-Талаа райондук практикалык дарагерлер борборунун директору
Ак-Талаа районундагы дарыгерлер практикалык борборунун директору Азамат Дүйшөналиев: «Балдардын саламаттыгы боюнча көп программалар бар. Мисалы, ЮСАИДдин 5 жаштан 14 жашка чейинки балдардын туура тамактануусун көзөмөлдөө программасы. Мында балдардын тамактануусу, анемия, кан ооруларын алдын-алуу үчүн изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Ал эми райондун аймагындагы мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын саламаттыгы борборго кайрылгандардын саны менен алганда жакшы. Балким үйлөрүндө дарылап жаткандар да болушу мүмкүн. Албетте, сасык тумоо, ич өткөк, өндүү мезгилдүү оорулар менен бир аз болуп жатат. Эми бул мезгил алмашканда каттала берчү оорулар да. Бирок оор өткөн илдет менен катталган балдар жок. Ошентсе да баары бир ата-энелер балдардын саламаттыгы үчүн алардын туура тамактануусуна, өздөрүн таза алып жүрүүлөрүнө көзөмөл жасоосу зарыл»,- дейт.
Гүлкайыр Тукенеева Бала бакчанын медициналык кызматкери
Учурда билим берүү мекемелеринде медициналык кызматкерлер балдардын саламаттыгына көзөмөл кылып турушат. «Жаш балаты» балдар бакчасынын медайымы Гүлкайыр Тукенееванын айтымында бала бакчага келген балдарды күнүгө кабыл алганда эле дене табын текшеришет.
«Эгерде бакчага келгенден кийин өзүн начар сезген, же кандайдыр бир оорунун белгисин берген балдарды дароо эле ата-энесине кабар беребиз. Эч кандай дары-дармек бербейбиз, ага акыбыз жок. Ошондой эле балдардын саламаттыгы туура тамактануудан көз каранды. Мүмкүн болушунча витаминдүү тамактарды, жер-жемиштерди күнүмдүк рационго кошуп жатабыз деди.
Нургүл Сатылганова (ондон биринчи) «Алтын муун-Наристе» бала бакчасынын жетекчиси медайымдан маалымат алууда
Ал эми «Алтын муун-Наристе» балдар бакчасынын жетекчиси Нургүл Сатылганова күнүгө бала бакчанын тарбиялануучуларын медайым карап, дене табын текшерип, балдардын ден-соолугу тууралуу жетекчиликке билдирип турарын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова