Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт комитети жайлоого кетчү жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакында эле Кашка-Суу жайлоосунун чек арасынын ичинде Сары-Жон участкасынан Шаты бейиттеги кыяга чейин 4-5 чакырымга жакын, Арал, Ичке-Мойнок участкаларынын ичиндеги жолдорду сүздүрүп, оңдолду.
Жолду сүздүрүп, тегиздөө иштери жүрүп жаткан учуру
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын маалыматына караганда бадачылар жайлоого кырсыксыз, аман-эсен жетип алуусу үчүн жолдорду оңдоп жатышат.
Жолду тазалоо иштери
Жолдун тиешелүү участкаларына суу өтүүчү түтүктөр орнотулду
«Кой кыркуу өнөктүгү аяктагандан кийин 10-июнга чейин бадачылар Кашка-Суу аркылуу Ботокей капчыгайынын ичи менен Арпа жайлоосуна көчүп чыгышат. Бадачылар үчүн жайыт комитети мүмкүн болушунча шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат»,- дейт.
Барчын Мамытбекова