Кочкор районундагы орун алган мультимедия борбору айыл элине маалыматтык коопсуздук, ар кандай кырдаалда, коомдук турмушта сынчыл ой жүгүртүүсү, фейк маалымат, шайлоого туура көз караш жөнүндө сөз кылган. Аталган тренинг жыйынтыкталган соң, өз жемишин берип баштады.
Кочкор айылынын тургуну Сурма Кукеева: «Семинардын темалары бардыгы турмушка байланыштуу экен. Мен көбүнчө жалган маалыматтарды окуп алып капа болчумун. Тренингден кийин соц тармактардагы маалмыттарды айырмалап калдым. Туура же жалган экендигин бөлүп, жана жакындарыма дагы үйрөтүп жүрөм. Фейк маалымыттардан мисалы келтирсем, беткапта курт бар экендигин окуп алып, эртеси эле келип окуучуларга кийбегиле дегем. Бирок ал жалган маалымат экендигин эми билип, мындан кийин терең ойлонуп, маалымат булактарын текшерип көрүп, жыйынтык чыгарып калдым.»

Сурма Кукеева
Мыктыбек Астраханов: «Апрелде өткөн тренингден кийин шайлоого көз карашым өзгөрдү. Мурун шайлоо мага жөнөкөй катар сезилсе, семинардан кийин өзүмдү башкарууга алып калдым, себеби шайлоодогу манипуляцияларга добуш сатып алууларга, каралоо агитация иштерине туура эмес экенин түшүндүм. Тренинг учурунда көп пайдалуу маалыматтарды өзүмө кабыл алдым. Кийинчерээк байкасам шайлоодо терс нерселерди көрө алдым жана өзүмдөн дагы көп кемчиликтерди таба алдым. Соц тармактар боюнча айтып кетсем, мен аларга мурда көп убактымды бөлчүмүн. Ар кандай жарнамаларга, акцияларга ишенип жүрчүмүн, эми көз карашым өзгөрүп баштады. Ушундай тренингдер көп болсун, рахмат.»

Мыктыбек Астраханов
Нурия Карымбаева