Учурда өлкө аймагында жарандарды COVID-19 илдетине каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Ак-Талаа районунда дагы калкты эмдөөдөн өткөрүүчү алты эмдөө пункту ачылып, дем алышсыз иштеп жатат.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Эльмира Токтогулованын маалыматына караганда кечээ келген 6300 даана «Синофарм» вакцинасы менен 368 жаран эмдөөдөн өттү.
Аталган вакцинанын буга чейинки келген 1-дозасы менен 503, 1-дозасы менен 477 жаран эмделген. 33 доза убактысы келгенде эмдөө жүргүзүүгө кармалып турганын айтты.
Ак-Талаа райондук дарыгерлер практикалык борборунун оператору Нуржан Нургожоева: «Эмдөөнүн алгачкы учурларына караганда азыркы тапта вакцина алып жаткандар кээде кезек күтүп калууда. Мындан улам эмдөө керек экенин элдер түшүнүп калышты деп ойлоп жатабыз. Мен өзүм эки дозасын тең алдым. Биринчи алганда эч нерсе болгон жокмун. Экинчисинде бир аз дене табым көтөрүлгөнсүп, бир аз чыйрыккансыдым. Үч күндөн кийин өтүп кетти. Азыр эми сасык тумоо деле жүрүп жатат. Негизи эмдөөдөн өтүп койгон пайдалуу. Албетте ар кимдин организми ар кандай болгондуктан вакцинаны дагы кабыл алуу ошондой ар түрдүү»,- деди.
Ал эми Байгөнчөк айылынын 50 жаштагы тургуну Автандил Чодолдоев 80 жаштагы атам кечээ алган вакцина. Улгайган киши эмне болор экен деп бир аз кооптондум, бирок эч кандай маселе жараткан жок. Ошол себептүү мен дагы бүгүн жубайым менен келип эмдөөдөн өтүп жатабыз. Менин жеке пикиримде созсүз вакцина алышыбыз керек. Ден-соолук өкмөткө эмес, өзүбүзгө керек. Коркуунун кажети жок»,- дейт.
Баетов айылынын тургуну, 64 жаштагы Шайырбү Токтосунова кант диабети жана кан басымы оорулары бар экенине карабастан эмдөөнүн эки жолку дозасын тең алган. Өзүнүн айтымында, эмдөөдөн кийин организминде эч кандай өзгөрүүнү, ооруну байкаган эмес. Негизи эле өзүм эмдөөлөрдү калтырбай алам деген Шайырбү эже ден-соолук өзүбүздүн колубузда жана өзүбүзгө керек экенин айтып, коркпой эле вакцина алуу керектигин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова