Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болуп, оорунун жуктургандардын саны өсүүдө. Илдеттен сактануунун бирден бир жолу вакцина алуу экенин жергиликтүү калк туура түшүнүү менен эмдөөдөн өтүп жатышат.
Кочкор райондук оорукананын невропатолог дарыгери Нуржан Асанбаева вакцина алуу процесси менен бөлүшүп кетти:
«Кочкор айылында 3 күндөн бери күчөтүлгөн режимде Ковид-19 оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жатабыз. Биринчи, экинчи күндөрдө мамлекеттик уюмдарды кыдырып чыктык. 17-июль күнү Кочкор айылынын борборуна чатыр тигип, эмдөө процессин улантуудабыз.
Нуржан Асанбаева
Вакциналоо активдүү болууда. Биз «Синофарм» түрүндөгү вакцинаны колдонуп жатабыз. Гендердик жактан байкоо жүргүзсөк, эркектер жана 40 жаштан жогору адамдар көбүрөөк эмдөөдөн өтүп, ден-соолуктарына кам көрүшөт экен.
«Синофарм» вакцинасы
18 жаштан жогору жана албетте вакцинаны алууга дени сак адамдарга сунуштайбыз. Бирок кош бойлуу, кант диабети менен ооруган жана өнөкөт оорулары бар адамдарга вакцина алууга болбойт.
Эмдөө убагы
Максатбек кызы Азиза