Ак-Талаа районунда билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында өткөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
«Жылдын мыкты мугалими» жана «Мыкты тарбиячы» райондук сынагынын жеңүүчүлөрү
«Талыбаган эмгек, ийгиликтүү келечек» деген атаылшта билим берүү тармагынын салтанаттуу кечеси уюштурулуп, буга чейин өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрүн жана билим берүү тармагынын мыктыларын сыйлоо аземи белгиленди. Салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакча башчылары, мугалимдер жана алдыңкы окуучулар катышты.
Салтанатка мектеп директорлору, мугалимдер катышты
«Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрү:
— Баш байгени Баетов айылынын Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Мөөркан Жумакадырова багынтып, билим берүүнүн кесиптик бирлиги тарабынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана 20 миң сом утуп алды;
Баш байге ээси-Мөөркан Жумакадырова
— 1-орунду Кызыл-Белес айылынын С.Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Нагима Токтосунова камсыздап, райондук администрация тарабынан нан бышыргыч, ардак грамота жана диплом менен сыйланды;
С.Атамбеков орто мектебинин мугалими Нагима Токтосунова 1-орунду алды
— 2-орунду Чолок-Кайың айылынын Б.Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Асел Шайбекова ээлеп, Максат Ибраимов тарабынан тефаль, үтүк жана диплом алды;
2-орунду камсыз кылган Асель Шайбековага акимдин орун басары Кенже Карагулова сыйлык тапшырууда
Ал эми 3-орунга Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин мугалими Айзада Өскөнбаева татыктуу болуп, Баетов айыл өкмөтү тарабынан мультиварка жана диплом менен сыйланды.
3-орунду камсыз кылган Айзат Өскөнбаевага сыйлык тапшыруу учуру
«Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрү:
— Баш байгени Чолок-Кайың айылынын К.Касмалиев атындагы бала бакчанын тарбиячысы Чолпон Жамгырчиева багынтып, билим берүү кесиптик бирлиги тарабынан Ысык-Көлгө 20 миң сомдук жолдомо алды;
Чолпон Жамгырчиева «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагында баш байге ээси райаким Жумадилла Жапаров жана орун басары Кенже Карагулова менен
— 1-орунду Ак-Чий айылынын «Нур-Эл» бала бакчасынын тарбиячысы Сабира Суранбаева камсыздап, райондук администрация тарабынан нан бышыргыч, ардак грамота жана диплом менен сыйланды;
— 2-орунду Жаңы-Талап айылынын «Бөбөк-Тай» бала бакчасынын тарбиячысы Зарина Асамединова ээлеп, Максат Ибраимов тарабынан тефаль, үтүк жана дипломго татыды;
2-орундун ээси Зарина Асамединова
— 3-орунду Баетов айылынын «Жаш Балаты» бала бакчанын тарбиячысы Бурулсун Жумадилова камсыздап, айыл өкмөтү тарабынан мультиварка жана диплом менен сыйланды.
Бурулсун Жумадиловага жергиликтүү кеңештин депутаты ЧерЛенС Азимжанов сыйлык тапшырууда
Ошондой эле, Нарын облусунун усулдук билим берүү борборунун ардак грамотасы жана «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» ферментациялык төш белгиси жана бир катар сыйлыктар менен дагы айрым мугалимдер, тарбиячылар сыйланды.
Барчын Мамытбекова