Май айында Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болуп өткөн. Семинарга 70ке чукул айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана аларды аныктоо, шайлоо жана референдумдун жыйынтыгы менен өлкөдө кабыл алынган Баш мыйзам тууралуу маалымат алышып, талкуулашкан.
Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар
Семинарды Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Ала-Арча жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн.
Төмөндө медиа маалыматтык сабаттуулук семинарынын катышуучулары туура эки айдан кийин семинардын таасири тууралуу ой бөлүштү.
17-жаштагы Илимбек фейк менен күрөшүүдө билген так маалыматыбызды башкалар менен бөлүшүү керек дейт. Ал, маалыматтык иш-чаралардын алкагында элдин медиа сабаттуулугун арттырып, алдамчыларды тузакка түшүрүү мүмкүндүгүн баса белгиледи.
Илимбек Алыбаев
Илимбек Алыбаев: “Буга чейин дагы фейк тууралуу түшүнүгүм бар болчу. Семинарда мага абдан таасирлүү болгону, билгенибизди башкаларга дагы бөлүшүү керектигин түшүндүм. Себеби, мен эле билгеним – жетишсиз. Мисалы, алыс кетпей эле өз үй-бүлөмдөгү окуяга таянсам, чоң энеме белгисиз адамдар чалып, ар түрдүү продуктыларды сунуштачу экен. Керек болсо, ал бир жолу ошондой телефон чалууларга ишенип, алданып калыптыр. Анын бул окуясын мен дел билчү эмесмин. Кийин угуп калып, чоң энеме фейк тууралуу айттым. Ал ошондон кийин чоочун адамдар чалып, продукты сунуштаса макул болбойт”.
Азыркы учурда көп иштер телефон менен бүтүп жатпайбы. Ушундай учурдан пайдаланып, ар кандай телефон чалуулар болот экен деген Бүбүкан Жусупова дагы бир учурда телефон алдамчылыгына туш болгон…
Бүбүкан Жусупова
Бүбүкан Жусупова: “Мындайда алданып калбай, сак болушубуз керек экен. Медиа сабаттуулук семинарына катышкандан кийин, өзүбүздүн жашообузга анализ кылдык. Мындан тышкары, Баш мыйзам тууралуу маалымат алдык эле. Ошол маалыматты дагы башкаларга бөлүшүп, өлкөбүздүн Баш мыйзамын билүүгө салым коштук десем болот. Жакырчылыкта жашаган адамдар көп экен. Ар кайсы жерге барып, көйгөйлөрүн чече албай, кол шилтеп койгондору бар… Биз ал адамдардын жашоого болгон үмүтү өчүп калбасын деп мыйзамдагы укуктары, жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берип жатабыз. Семинардан кийин билген билимимди башкаларга бөлүшүп, аларга дагы пайда келтирсем деген ниет пайда болду”.
Сырттан келген маалыматтардын бардыгына эле ишене бербей, өзүм дагы анализ кылууга өттүм дейт семинардын дагы бир катышуучусу Айчүрөк Кутманова.
Айчүрөк Кутманова
Айчүрөк Кутманова: “Медиа маалыматтык сабаттуулук семинарына катышкандан кийин жашоомдо стабилдүүлүк орун алды. Анткени, интернеттен ар түрдүү маалымат келсе, керектүү, пайдалуусун гана алып, керексиз деген маалыматтарга ашыкча убактымды коротпой калдым. Сырттан келген маалыматтардын бардыгына эле ишене бербей, өзүм дагы анализ кылууга өттүм. Ошондой эле, айланамдагы жакындарыма дагы маалыматты жана окуяларды сынчыл көз караш менен талдоо керектигин айтып, түшүндүрүп жатам. Мисалы, өткөндө вакцинация тууралуу фейк маалыматтар укмуш тарады. Жашоо — фантастикалык кино эмес. Андыктан, маалыматты терең таразалоо керек”.
Белгилей кетсек, аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы