Апрель айында Кочкор районунун Кара-Суу айылында медиа маалыматтык сабаттуулук аталышындагы семинар болгон. Ал жергиликтүү тургундарга арналып, шайлоо жана Баш мыйзам, сынчыл ой-жүгүртүү, фейк маалымат жана аларды аныктоого багытталган.
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Шапак жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн.
Төмөндө апрель айында болуп өткөн семинардын катышуучулары медиа сабаттуулуктун таасири тууралуу ой бөлүштү.
Зейнура Токтоматова: “ Медиа сабаттуулук семинарына катышкандан кийин ар бир чыгып жаткан жаңылык, окуяларга баам салып, маалыматты талдоо көндүмүнө ээ болдум. Кайсы жаңылык чын же фейк экенин аныктап билип калдым. Ар бир жаран маалыматты көрүп, өзүнө кабыл албастан, чын же калп экенин билип алышы керек. Мен тренингден кийин маалыматты талдоону үйрөнүп, сынчыл ой-жүгүртүү жөндөмүмдү дагы өнүктүрө алдым”.
Кубанычбек Кадыров: “Мен өтүлгөн семинарда көп керектүү маалымат алдым. Биринчиден, фейк деген эмне экенин, маалыматтарды алуу булагы, чын же жалган маалыматты айырмалоо инструменттерин үйрөндүм. Буга чейин көп нерсени билбей жүргөн экенмин. Бир эле сүрөттү жасап алып, аны башка максатта колдонгон адамдар бар экен. Маалыматты тереңинен изилдебейт экенбиз. Элдин басымдуу бөлүгү ошол жалган маалыматтарга ишене берет экенбиз. Биздин айылда өтүлгөн медиа сабаттуулук семинарында маалыматты анализдөөнү дагы үйрөндүк”.
Айзат Шаршенова: “Мурда шайлоого активдүү катышчу эмесмин. Эми, бир дагы шайлоону калтырбай, талапкерлерди кылдаттык менен талдап, тандаш керек деген чечимге келдим. Бул чечим медиа сабаттуулук семинарына катышкандан кийин пайда болду. Ошондой эле, буга чейин социалдык тармактарга чыккан ар бир маалыматка ишенип, жүрөгүмө жакын кабыл алчумун. Медиа сабаттуулук боюнча өтулгөн тренингге катышкандан кийин көп нерсеге көз-карашым өзгөрдү. Жалган маалыматтарды айырмалап билип калдым…”
Урмат Батталов: “Буга чейин интернеттеги маалыматтарынын бардыгын кабыл ала берчү экенмин. Көрсө, биз туура деп кабыл алып жүргөн жаңылыктар дагы жалган экен… Ошондуктан, мындай окутуулар бат-баттан жана көп өткөрүлүп турса дейм”.
Элдин сабаттуулугун арттырууга багытталган мындай окутуулар Кыргызстандын 22 айыл-районунда март, апрель айларында болуп өткөн. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
#internewskg #MediaK #USAIDKG