Элдин медиа сабаттуулугун арттыруу керек. Мындай пикирлерди Ооган-Талаа айылында өткөн медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын катышуучулары билдирди.
Ушул жылдын апрель айында Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында медиа маалыматтык сабаттуулук аталышындагы семинар болгон. Ага жергиликтүү тургундар катышып, сынчыл ой-жүгүртүү, фейк жана аны аныктоо, Баш мыйзам жана шайлоо тууралуу маалымат алышкан. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн.
Ар бир маалыматты окуганда өзүмө дагы анализ кылам дейт семинардын катышуучуларынын бири Назгүл Боромбай кызы.
Назгүл Боромбай кызы: “Мен өтүлгөн тренингден маалыматтын фейк же фейк эмес экенин аныктоону үйрөндүм. Мурда, фейк жөнүндө кеңири маалыматка ээ эмес элем. Социалдык медиадан келген маалыматтарды бөлүшүп коесуңарбы деген жазуусу болсо, жакшылык кылып жатам деп эле бөлүшө берген учурлар болгон. Маалымат тууралуу тренингде үйрөнгөндөн кийин, чынбы же жалган маалымат болуп жатабы, аны таратып кайра фейкти жайылтып жаткан жокмунбу деп суроо берип, анализ кылып калдым. Алдыда, ушундай тренингдер көп болуп турса…”
Медиа сабаттуулук багытындагы иш-чараларды көп өткөрүү керек деген Эржан Анаркулов учурда үй-бүлөсү жана жакындарына семинардан алган маалыматтары менен бөлүшүп келе жаткандыгын айтты.
Эржан Анаркулов: “Тренингдин өзүбүздүн күнүмдүк жашообузга пайдасы абдан чоң экен. Бул тренингден өзүмө көп пайдалуу маалымат алдым. Ошол окутууда фейк маалымат эмнеге алып келет жана аны аныктоо инструменттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Жумушу жок адамдардын жалган маалыматтарды жаратып, элди бүдөмүккө салып, акча тапкан арам иш экен… Тренингге чейин мага “адидас белек уюштурду” деген сыяктуу билдирүүлөр келе берет эле. Ошондой маалыматтарга убактымды бекер кооротуп, ишене берчү экенмин. Семинарда алар чындыкка дал келбегендиги тууралуу маалымат алдым”.
Семинардан кийин маалымат айдыңына болгон көз-карашым өзгөрдү деген Уулкан айым, азыр телефонго келген жалган билдирүлөрдү эч кимге бөлүшпөй, дароо өчүрүп сала тургандыгын билдирди.
Уулкан Рыспаева: “Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору жергиликтүү тургундар үчүн пайдалуу семинар уюштурган. Ошол семинарга мен дагы катышкам. Мурда телефонго ар түрдүү тайпалардан маалыматтар келет эле. Буга чейин мен көбүнө маани бербей, барына эле ишенип жүрүптүрмүн. Мисалы, шабдалы жана алчалардын курттаганын көрсөткөн видеолор, бананга ийне сайылыптыр деген маалыматтар жалган экен. Семинарда тренер Гульназ Камбарали кызы фейктер тууралуу кеңири түшүнүк берди. Ошол күнгө чейин айрым маалыматтарга ишенип банан, шабдалы жебей, башкаларга дагы сатып албагыла, жебегиле деп жүрдүк эле”.
Белгилей кетсек, элдин медиа сабаттуулугун арттырууга багытталган мындай окутуулар Кыргызстандын 22 айыл-районунда март, апрель айларында болуп өткөн. Аймактарда медиа маалыматтык сабаттуулук семинарын өткөргөн 22 жамааттык мультимедиа борборлору алгач, март айында Бишкекте окутуудан өтүшкөн. Окутууну Кыргызстандагы Интерньюс уюму уюштурган.
Касиет Кубанычбек кызы
#internewskg #MediaK #USAIDKG