Учурда окуу жылы аяктап, балдар жайкы эс алууга чыкканына эки жума болду. Бирок өлкөдөгү пандемиялык кырдаал балдардын ойдогудай эс алуусуна өз кедергисин тийгизбей койгон жок.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элмырза Кылычбеков:
«Азыр эми азыр окуучулар үчүн ар кандай медиалагерлер, окутуу курстары чыгып жатпайбы. Бирок мен өз коопсуздугубуз үчүн мындай киши көп жүргөн жерлерде эмес, жайлоодо таза абада, кымыз ичип, эс алуусун каалайт элем. Албетте, эми мындай мүмкүнчүлүк баарыбызда жок»,- дейт.
Ал эми 13 жаштагы Айназик Токтобекова эс алууну сүрөт тартып өткөрөрүн айтты.
«Мен быйыл «Элимдин каада-салттары» деген республикалык сүрөт сынагында биринчи орунду алдым. Мектепте сабак берген агайым сүрөт көргөзмөңдү өткөрөбүз деген. Ошого даярданып, жакшы сүрөттөрдү тартуу менен алекмин. Азырынча эч жакка деле барбайм, апам, бир туугандарым менен үйдө болуп жатам».
Эрхан Токтобеков учурда Жаңы-Талап айылына караштуу «Ак-Терек» эс алуу жайында ата-энесине жардам берип, ошол эле учурда эс алып жатат.
«Бул жерде эс алуучуларды, туристтерди кабыл алабыз. Кээде алардын айрым иштерине кол кабыш кылабыз. Бул жерде телефон, интернет тартпайт. Бош убактыбызда балык кармайбыз. Эс алуучулар көп келгендиктен, санитардык эрежелерди сактоону ата-энем ар дайым көзөмөлдөп, эскертип турат» деген Эрхан бул жерде эс алуу алда канча кызыктуу экенин кошумчалады.
Коронавирустун жаштарга тийгизген таасири тууралуу окуңуз:
Коронавирус жаштар үчүн чоң сыноо болду
Барчын Мамытбекова