Нарын районуна караштуу Оттук жана Казан-Куйган айыл аймактарында Ковид 19 вирустук оорусу каттала элек. Бул тууралуу айылдагы абалды көзөмөлдөө комиссиясы билдирди.
Медициналык кызматкерлер айыл тургундарына Ковид 19 вирусунан коргонуу боюнча сабактарды өтүп келишет. Муну менен катар вакцина алуу боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Бирок, канчалык деңгээлде санитардык-гигиеналык режимдерди туура сактаса да, айрым адамдар буга карабастан жуктуруп алышы толук ыктымал. Мындай адамдарга иммундук системасы төмөн, кант диабети менен ооругандар, артериалык гипертонияга чалдыккандар ж.б. өнөкөт оорулары бар адамдар кириши мүмкүн.
Мед айымдардын айыл тургундарына туура тамактануу боюнча сабак өтүп жаткан учуру
Мед айымдардын айыл тургундарына туура тамактануу боюнча сабак өтүп жаткан учуру
Оттук, Казан-Куйган айылдары тоолуу аймак болгондуктан артериалык гипертонияга чалдыккандар абдан көп. Азыркы учурда медициналык кызматкерлердин учетунда Оттук айылында 39, ал эми Казан-Куйган айылында 40 адам бар. Булардын баары дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.
Айыл тургундарынын айтымына караганда медициналык кызматкерлердин сабактарына катышкан адамдар өзүлөрүнүн ден- соолугуна кам көрүүнү, дары-дармектерди туура ичүүнү, кан басымды ченеп алууну да үйрөнө алышкан. Мындан сырткары, айыл тургундарына медайымдар туура тамактануу боюнча да байма-бай сабактарды өтүп келишет.
Муну менен гана чектелбестен медайымдар дем алуу органдарынын жакшы иштешине ылайык көнүгүүлөрдү сунуштап, атайын даярдалган видеолорду жиберип турушат.
Акылай Алмазбекова