Өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаал, студенттердин билим алуусуна кыйынчылыктарды жаратса кээ бирине иштөөгө мүмкүнчүлүк болду. Студенттерге аралыктан окутуунун тийгизген таасири жөнүндө сурамжылоо жүргүздүк. Натыйжада төмөндөгүдөй жооп ала алдык:
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин 3-курсунун студенти Умсунай Ачыкова:
Кыргыз Экономикалык Университетинин 3-курсунун студенти Умсунай Ачыкова
“Мен былтыр 1-курстун аяктап жатканда карантин башталып, онлайн окутууга өттүк. Ийгиликтүү аяктап, 2-курска отуруп жатканда, кандайдыр бир себептерге байланыштуу которулууга аргасыз болдум. Тактап айтканда, гуманитардыктан математика бөлүмүнө которулдум. Жаңы окууга тапшыргандай эле болдум, эчкимисин тааныбайм, сабактар тааныш эмес, көнүп кетишиме 4-5 айдай болду.
Ошол эле онлайн окутуу дагы артыкчылыгын да, кемчилигин да байкадым. Артыкчылыктары эң биринчиден үйдө, ата-энеңдин жанында болуп, жакшы экен. Сабактарга кененирээк жетишип, үй тапшырмаларды убагында аткарганга үлгүрүп жаттым. Ошол эле учурда убактың көбүрөөк болгондуктан, иштеп жетишсең да болот. Дагы бир жакшы жагы модуль, сессия, мамлекеттик сынактарды онлайн тест менен тапшырып жаттык. Тест менен тапшырган студенттерге алда канча ыңгайлуу.
Медалдын эки жагы бар дегендей эле ар бир нерсенин кемчилиги бар. Биз онлайн окуп жатканда көп эле кыйынчылыктар болду. Бири-бириңди жандуу көрбөй, “Zoom” менен көрүп калат экенсиң. Сабак учурунда ар кандай техникалык себептер болот, мугалимдин же студенттин электр жарыгы, интернети өчүп калып, сабактар өтүлбөй калган көп учурлар болот. Эң кемчилиги ден-соолугуңа зыян келиши, мен үчүн 6-7 саат телефондо отуруш кыйын. Көзүмдүн көрүшү начарлап калды. Эң башкысы окуумду 4-5 деген баага, ийгиликтүү аяктап 3-курска көчтүм”.
Эл аралык инновациялык технологиялык университетинин 4-курсунун студенти Нурсултан Акматбеков:
Эл аралык инновациялык технологиялык университетинин 4-курсунун студенти Нурсултан Акматбеков
“Аралыктан октуунун пайдалуу жактары деле бар. Аралыктан окуп коюп, жумуштарынды бүтүрүп, иштесең болот. Мен архитектура жаатында билим алгандыктан, аралыктан окутуу мен үчүн кыйынчылык жаратты. Окуудан техникалык себептерден улам калып калсаң, кийинки теманы түшүнүш кыйын. Архитектурага тиешелүү программаларды аралыктан түшүнүү оор. Бирок онлайн окутуу болсо дагы мугалимдер программаларды үйрөтүп жатышты. Аралыктан окуттуу бул изденүүнү талап кылат экен, мен түшүнбөгөн жерлерди соц тармактардан карап үйрөнүп жаттым”.
Бишкек мамлекеттик университетинин 4-курсунун окуучусу Айдай Мелисова:
Бишкек мамлекеттик университетинин 4-курсунун окуучусу Айдай Мелисова
“COVID-19 вирусунан улам окуучулар, студенттер аралыктан билим алууга аргасыз болушууда. Аралыктан билим алуунун терс жана оң жактары дагы бар. Студенттер онлайн окууда жолго кеткен акча, жашаган жерине коротулган каражаттарын үнөмдөй алышты десек болот. Студенттер өздөрү жашаган региондордон аралыктан билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Айдай Мелисова аралыктан окуп, өз кесиби менен дагы иштейт
Мен окуу менен жумушту тең алып кеткенге арекет кылдым. Жумуш иштөө мен үчүн тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк болду. Күн сайын окуу жайдан өткөн теманы жумушта дагы колдоно алдым. Бул нерсе мен үчүн чоң тажрыйба болду десем жаңылышпайм. Жакында абал тынчып салттуу түрдө окуй баштайбыз деген ишеничтемин.
Пандемия учурунда жумуш иштөө мен үчүн чоң тажрыйба
Пандемия учуру окуунун башка түрлөрүн дагы көрүүнү, технологияларды көп колдонууну, региондорду интернет менен камсыз кылыш керек экендигин үйрөттү”.
Башка аймактардагы студенттердин ой-пикирлери тууралуу таанышып алыңыз:
Студент: «Пандемия учурунда ыктыярчы болгонду үйрөндүм»
Студент: «Пандемияда мектепти онлайн аяктап, ЖОЖго да онлайн окудук»
Айдана Токтобекова