Майрамгүл Орозбай кызы 22 жашта. Баткен облусуна караштуу Кош-Булак айылында математика сабагынан мугалими болуп эмгектенет. Республика боюнча өткөн китеп окуу таймашында баш байге авто унааны утуп алды. Бул сыйлык жаш мугалим үчүн шык берген.
Учурда декреттик өргүүдө жүргөн мугалим аталган сынакка февралдан тарта эле даярданып баштаган.Эскерте кетсек, буга чейин мугалим чырпыктан чынар өстүрөт аталышындагы китептин негизинде мугалимдер үчүн сынак жарыяланган. Сынакты “ДЕМБЕР!” кыймылынын Bilimdar долбоору иштеп чыккан. Майрамгүл Орозбай кызы китепти окупмугалимдик кесиптин артыкчылыктары менен катар жоопкерчилигин дагы бир ирет сезгенин айтат:
“Китепти окуп бүткөн соң «NovaDemy» тиркемеси аркылуу 31-май күнү тестти тапшырдык. Саат 13:52де уюштуруучулар тарабынан сынактын баш байгесинин ээсин аныктап группаларга жиберген экен, ачып карасам менин фамилиям жазылып туруптур. Ниетти түз, жакшы үмүт менен сынакты баштаган болчумун, андагы сезимдеримди сүрөттөп бере албаймын. Албетте, 22-жашымда Республикалык сынакта биринчиликти алуу мен үчүн өтө сыймык. Байгени алсак айдайбыз деп ниет кылып отурабыз, азыркы учурда өзүбүздүн машинабыз жок болчу.”
Майрамгүл Орозбай кызы мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ал кичине кезинен эле мугалим болууну кыялданчу. Өзүнүн кесибин сүйгөнүн айткан Майрамгүл Орозбай кызы мугалимдик -бул көңүлдүн иши, билимдүү окуучуларды уядан учуруп коомго пайдалуу инсан кылып жетиштирүү сыймык:
“Мугалим бул инсан тарбиялайт. Кайсы гана кесиптин ээси болбосун мугалимдин колунан өсөт. Менин оюмча өзүбүзгө мотивацияны өзүбүз берүүнү үйрөнүшүбүз керек. Мугалим болуу- окуучуга сабакты түшүндүрүп коюу гана эмес, мугалим болуу абийири менен окуучуга да мотивация берип,сабакты жандандыруу, сабакка кызыктыруу.
Жаш мугалимдердин артыкчылыгы энергияга бай келебиз, көйгөйүбүз тажрыйбанын аздыгы. Ошондуктан, энергиябызды «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китебин окууга жумшасак өкүнбөйбүз.Баардык жаш мугалимдерге сунуш кылам. Ушул китепти окуп мугалимдик кесиптин артыкчылыгын сездим, себеби миңдеген пайдалуу адамдарды коомго жетиштирип чыгарабыз. Мугалимдик кесипти оор көргөн замандаштарыма кайрылат элем, мугалимдик -бул ардактуу кесип, сен экөөбүздү мугалим тарбиялады, биз бул кесипти оор көрсөк өсүп келе жаткан муунду ким тарбиялайт?”
Азыркы балдарга замандын тили менен сүйлөш керектигин айткан мугалим учурда интернет технология өнүккөн заман. Аларды вертуалдуу жашоодогудай сабакка кызыктыруу зарыл. Мектепкке барганда кара досканы каратып койсок бул зээригичтүү абал. Алардын кызыгуусун билип ошого жараша сабакка кызыктырууга аракет кылышыбыз керек:
“Бизде жаш мугалимдерге мотивация катары, шаарыбызда «Жаш мугалимдер мектеби» уюштурулган.Ал жерде шаардан башчы коюлуп,мектептерден атайын өкүл коюлуп, жаш мугалимдер менен иш жүргүзөт. Семинарлар өтүлүп,жаш мугалимдерге колдоолор көрсөтүлөт. Тажрыйбага мол мугалимдер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Учурдан пайдаланып билимге жол ачкан жакындарыма ыраазычылык билдирем.
Эң алгач мени окууга ынтызар кылып чоңойткон ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем, ушу мугалимдик кесипти тандап калуума атам да салым кошкон. Мектепте окуп келип,үйдөн атам да окутчу бизди энем да окугула деп шарттарды түзүп берген. Баул айылындагы «Жаңы Турмуш» орто мектебинин мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдерем. Ошондой эле кайын журтума, атама(кайнатам), жолдошума рахматымды айтамын. Дайыма колдоп турушат.
Кайнатам жакшы сөз айтат: «Кызым, тирилик калса калсын намаз менен китебин калбасын»- деп, үйдө баарыбыз китеп окуйбуз, атам өзү көп китеп окуйт.”
Аймактардагы мугалимдердин ийгиликтери тууралуу окуңуз:
«Жыл мыктылары» сыйлыгына «Соң-Көл» орто мектебинин мугалими жана окуучулар да татыктуу болду
Жыл мугалими-2021 сынагы Сокулукта өттү
Айгерим Кубатбекова