Пандемия шартында виртуалдык окууга ылайыкташуу, социалдык дистанциянын кесепетинен достору менен жакындарын сагынган балдар жайкы эс алуу мезгилинде эмне менен алектенип жатышат.
Эми эс алуу мезгили башталып калгандыктан, көптөгөн ата-энелер балдарына быйылкы жылы коронавирустук глобалдык пандемиянын кесепетинен өзгөчө айырмаланып турган каникул мезгилин чечүүгө жардам берүү боюнча кеңеш издешүүдө. Бул багытта мектептен тышкары мекемелерде балдар менен иштешкен адистерден кеңеш сурадык.
Сүлүктү шаарындагы балдардын спорт мектебинин мугалими, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген тренер- Айбек Жаныбеков:
“Пандемия шартында чындыгында эле жаш балдар үчүн кыйын болууда. Ошондуктан, мүмкүн болушунча санитардык эрежелерди сактоо менен балдарды спортко тартып жатабыз. Бизде тарбияланып жаткан балдар спорт менен алектенип, ден-соолугун чыңдоо менен бир катарда ийгиликтерди да жаратууда.
Менде 4 жылдан ашык убакыт даярданып келген окуучум Ырысбек Хамдамов 27-31 май күндөрү өткөрүлгөн Кыргызстандын Греко-Рим күрөшү боюнча чемпионатында 1-орунду жеңген эле. Учурда 15 жашка чейинки спортчулардын арасында Греко-Рим күрөшү боюнча Сербияда өтүлүүчү дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатабыз. Ошондой эле Сүлүктүдөн барган дагы бир Абдурасул Насретдинов аттуу окуучу 3-орунду ээлеп коло медаль менен сыйланып кайтты. Чыгаан балдарыбыз көп, ошол балдарды тарбиялап жатабыз. Ата-энелерге балдарды спорт менен машыктыргыла деп кеңеш беремин”,- деп маек берди Жаныбеков Айбек Жамалидинович.
Сүлүктүдөгү педагогикалык окуу жайынын окуу-тарбия иштери боюнча жетектөөчү адиси Гульзина Сапаровнаны кепке тарттык:
“Пандемия учурунда киргизилген чектөөлөр ойносо оюнга тойбой турган балдарга бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдө жашаган үй-бүлөлөрдө көбүрөөк байкалууда. Ата-энелерге айтаарым пандемиянын каникулга кандай таасир эткендиги жөнүндө сезимдери жана эмоциялары жөнүндө балдарыңыз менен ачык жана чынчыл баарлашыңыз.
Сиздин балаңыз учурдагы коомдук саламаттык сактоо кризисин чечүү кыйынчылыктары менен күрөшүп жаткандыр. Балаңыздын сезимдерин угуп, текшерип, анын жүрүм-турумун жана окуу ишин тыкыр көзөмөлдөңүз. Байланышты жана маалыматты жаш курагына жараша деңгээлде сактаңыз. Сиздин туруктуулукту жана кыйынчылыктарды көтөрүүнү моделдөө сезими кандай экендигин алар менен бөлүшүңүз”,- деп маалымат берди тарбия иштери боюнча адис Сапарова Гульзина Ботобековна.
Сүрөт көргөзмөмдү өткөрүүгө даярданып жатам
Бакытбек Сапаркулов