Баетов айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары уюштуруу иштери боюнча өткөн биринчи сессиясында күн тартибиндеги маселелер менен бирге ички тартипти сактоо жана депутаттык ишмердүүлүктү ачык-айкын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан.
“Тактап айтканда элдин добушу, ишеничи менен шайланып келген эл өкүлү сессияга катышпай коюуга укугу жок. Ошондой эле кеңештин сессиясы ачык-айкын өтөт. Эл кандай маселе каралып, эмне болуп чечилип жатат же бюджеттин каражаты кайда кетип жатканын өзү катыша албаса дагы медиалардын жардамы менен көрүп, угуп турат”,- деди Тураркан Нурдөөлөтөва.
Ал эми Алмаз Абдылдаев: “Депутаттар өз округубыздагы шайлоочулар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, маселе көтөрүп турабыз. Эл менен жакын бололу, жоопкерчиликтүү бололу деп жатабыз. Буюрса жакшы иштер пландалууда”,- дейт.
Сүрөт: Жайлоого өтчү жолдор оңдолууда
Барчын Мамытбекова