Ак-Талаа районунда көлмөлөрдүн жээгине «Сууга түшүүгө болбойт!» деген эскертүү такталары коюлууда.

«Сууга түшүүгө болбойт» эскертүү такталары коюлууда

Эскертүү такталары кооптуу жерлерге коюлду

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөрменен иштөө инспекциясынын инспектору Аманбек Разаковдун айтымында, жай мезгилине байланыштуу жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүү коркунучунун алдын алуу максатында кооптуу аймактардагы көлмө сууларына, агымы катуу агын сууларга жана сугат суу сактагычтардын жээктерине «Сууга түшүүгө болбойт!» аттуу эскертүү жазылган такталар орнотулууда.

Жайкы эс алуу учурунда балдар көлмөлөргө сууга түшөт

Мындан сырткары, жаш өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү мекемелерге сунуш, кайрылуулар жиберилди.
Барчын Мамытбекова