Жай мезгилинде айыл жеринде иш кызып турган учуру. Өзгөчө жүн жана кийиз менен иштөөгө эң ыңгайлуу мезгил. Учурда күн жылуу болгондуктан койлор кыркылып,жүнүнөн туристтерге шырдак,жана башка сувенирлерди жасап киреше табууга мүмкүнчүлүк бар. Кээ бир айыл тургундары кол өнөрчүлүгү менен үй-бүлөлүк кирешени толуктап келишет.
Алардын бири Кара-Суу айылынын тургуну, математика мугалими Зейнур Токтоматова менен маек курдук.
-Саламатсызбы? Кол өнөрчүлүк каржы булагы болуп бере алабы, ар дайым киреше таба аласызбы?
-Ооба,каржы булак десем да болот.
-Сиз канча убактан бери бул өнөр менен алектенесиз?
-Бул өнөрдү апамдан үйрөнгөм, апам бала кезибизде баарыбызга жасатчу. Сайма, курак, шырдак жасап чоңойгонбуз.
-Маегиңизге чоң рахмат.
Айылдагы дагы бир чий согуу боюнча уз, чебер Венера Темирбек кызы менен сүйлөштүк:
-Саламатсызбы? Сиз качантан бери чий согосуз?
-Саламатчылык. Бул өнөрдү келин болуп келгенде апам (кайненем) үйрөткөн.
—Бул өнөр менен каражат табасызбы?
-Ооба, токсонунчу жылдары чий менен чай-чамегибизди таап алчубуз, учурда боз үйлөрдү көп колдонбой калышпадыбы. Азыр кээде буйрутма берип калышат ошондо гана чий согом.
-Маегиңизге рахмат.
Айжаркын Эркинбек кызы