2021-жылы 5-июлда Европалык уюмдун (ЕС) Кыргыз Республикасындагы билим берүү секторун бюджеттик колдоо боюнча эксперти Арам Авагян, эксперт Сирмбард Светлана Рустамовна ошондой эле долбоордун эксперти Кадырбек Калканов Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине келишти.
Алардын келген максаты мектептеги «Көп тилдүү билим берүү» программасынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү жана финансылык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Арам Авагян жана Светлана Рустамовна мониторинг жүргүзүү учурунда. Долбоордун координатору Кенже Оторова
«Аталган мектеп 2015-2016-окуу жылынан бери «Көп тилдүү билим берүү» программасынын алкагында иштеп келет. Мектеп максаттуу тил катары орус тилин тандап алган. Бул долбоордо 14 педагог эмгектенет. 12 класс пилоттук класс катары киргизилип, бул класстарда Кыргызстандын тарыхы,математика, география, сүрөт, дене тарбия жана мекен таануу сабактары орус тилинде өтүлөт.
Бул сабактардан берген мугалимдер дайыма курстардан өтүп турушат жана аларга орус тилчи мугалимдер жардам беришет. Долбоордун негизги максаты окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, ой жүгүртүүнүн артыкчылыгын байытуу, чыгармачылык иш- аракеттерин жандандыруу, өз ойлорун эркин айтууга багыт берүү, окуучулардын билимдерин жана билгичтиктерин жогорку деңгээлге жеткирүү,бири бирине жардамдашууга, ар бир айтылган ойду туура баалоого, пикир алышууга жеткирүү,көп маданияттуу инсанды тарбиялоо,окуучуларды академиялык деңгээлде эки тилде эркин сүйлөөгө үйрөтүү болуп эсептелет.

Эксперттер «Көп тилдүү билим берүү» программасы боюнча методикалык жардамдарды да көрсөтүштү
Нарын облусу боюнча «Көп тилдүү билим берүү» программасына эки мектеп тартылган, алардын бирөөсү Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби. Бул программа билим алуунун сапатын да жогорулатып, жаштарга түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет».

Эксперттер мектепте «Көп тилдүү билим берүү» программасынын аткарылышына жогорку баасын беришти.
Бакыт Кожокматов