Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган “Таза аймак” муниципиалдык ишканасы банкрот болгондугуна байланыштуу, жеке тараптарга өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Аман Аалиевдин айтканына караганда айыл жашоочулары таштанды төлөмдөрүн убагында төлөй алышкан жок.
«Көпчүлүгү пандемияга байланыштуу ишсиз үйдө отуруп калгандыктан каражат жагы маселе жаратты. Албетте, төлөмдөрдү эч ким төлөгөн жок деп айтууга болбойт. Чогулган каражаттар суу түтүктөрүн оңдоого кетип жатты. Анткени, суу түтүктөрү эски болгондуктан улам бир жери бүтөлсө, экинчи жеринен жарылып чыгып жатты. Таштанды чыгаруучу унаа, бузулса анын тетиктери, иштеген жарандардын эмгек акылары ж.б чыгымдарды актабагандыктан ишкананы келишимдик негизде жеке таптарга өткөрүп бердик”,- дейт.
Акталаадагы таштанды полигону тосулат
Наргиза Ырысбекова