Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралардын жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында эне тилди даңазалаган ырлар окулуп, линейкалар, “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну жана “Сармерден” оюн-зоок программасы өткөрүлүп, дубал газеталар чыгарылды. Мындан сырткары, тарбиялык класстык сааттар өттү.
“Сармерден” программасы Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, жеңүүчүлөргө чакан белектер берилди.
Ак-Талаа РИИБнүн башчысынын орун басары Кылычбек уулу Бакыттын айтымында эне тилге байланыштуу иш-чараларды окуучулар бирге уюштурууга, өткөрүүгө жана кызматкерлер өздөрү дагы катышууга аракет кылып келишет.
“Анткени эне тил окуучуларга гана тиешелүү нерсе эмес. Эне тилди баарыбыз урматтоого, аны сүйүүгө, кийинки урпактарга мурас кылууга милдеттүүбүз”,- дейт.
Наргиза Ырысбекова