Кесип тандоо көпчүлүк мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көйгөйгө айланып келет. Ал эми «Proforientacia.kg» социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Индира Темирканова, негизги ыкмаларды билсе кесип тандоо абдан жөнөкөй дейт.
«Proforientacia.kg» социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Индира Темирканова
Кесип тандоодо мектеп бүтүрүүчүсүбү же эбак эле мектепти бүткөн адам болсо дагы эң негизги үч чен-өлчөмгө таянууга болот.
Биринчи чен-өлчөм: Адамдын психотиби – ал адам кандай кесипке жакын. Тактап айтканда, өзүнүн ой-жүгүртүүсү боюнча кандай багытка жакындыгы аныкталат.
Экинчи чен-өлчөм: Эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талапка бай экенин аныктоо. Анткени, азыр кайсы бир кесиптер жоголуп, тескерисинче жаңы кесиптер жаралып жатат. Алдыңкы 5-10 жылда кайсы кесиптер суроо-талапка ээ болот? Бул суроого анализ кылып, эмгек рыногуна байкоо жүргүзүү керек.
Үчүнчү чен-өлчөм: Биринчи жана экинчи чен-өлчөмдүн негизинде адамдын кайсы бир кесипке жакын экени жана ошол кесиптин эмгек рыногунда суроо-талапка ээ экени аныкталды деп эсептейли. Эми болочоктогу кесип ээси “ошол кесипти мен аткара аламбы, менин көндүмдөрүм ошого даярбы” — деген суроого жооп бериши керек.
Ушул үч чен-өлчөмдү аныктаган соң, кесип тандоо кыйла жеңил жана туура болот. Мындай көрсөткүчтөр менен тандалган кесип адамды бакытка бөлөп, жашоо-шартын түзүүгө жакшы өбөлгө түзөт. Анткени, азыркы тапта өзү окуп, дипломун колуна алган кесипти эмес, башка тармакта иштеп жүргөн адамдар көп…
Кесип тандоодо психологиялык инструменттер жана тесттер бар. Ошол тесттерден өтүү менен гана чектелип калбастан, профорентация боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Мисалы, ошол эле окуучу жогорку класста окуп жатканда же бүтүрүүчү класс болсо, ар кандай кесиптерге өзүн байкап көрөт. Ал бир күн дарыгер, бир күн куруучу, дагы башка күнү банкта ж.б кызматтарда иштеп көрөт. Ошондой ролдук оюндардан өткөн соң, өспүрүм өзүнө анализ жасап, “мен ушул кесипке шыгым барбы, мен ушул ишти алып кете аламбы?” ж.б суроолорду берип, жооп таба алат.
Тилекке каршы, кесип тандоодо стереотиптер абдан тосколдук жаратат. Эң өкүнүчтүүсү, ушул стереотиптер адамдын келечегине балта чабуучу фактор дагы боло алат. Анткени, ата-энеси же айлана-чөйрөсүндөгү адамдар бир нерсени таңуулап, ошонун негизинде туура эмес кесип тандап алгандар көп болуп жатат.
Болочоктогу кайсы бир кесиптин ээси биринчи кезекте өзүнө-өзү жоопкерчиликтүү болушу керек. Анткени, ал ошол кесипти тандаганда ал өмүр бою аркалай турган ишин аныктап жатат. Кесипти туура эмес тандап алгандарда келечекте кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ошондуктан, болочоктогу кайсы бир кесиптин ээси учурдан тарта өзүн-өзү анализ кылып, издениши абзел.
Кесип тандоо тууралуу жаштардын басымдуу бөлүгү бүтүрүүчү класстан баштап ойлонуп жатышат. Негизи 11 же 9-класстан эмес, 5 же 6-класстан тарта баланын шыгын, багытын аныктаса жакшы болот. Ошого жараша ата-эне баланын көндүмдөрүн, психотибин, физикалык потенциалын өнүктүрсө биздин жаштар бир топ атаандаштыкка туруктуу болот эле. Ушундай сапаттар менен чоңойтулган бала кийин өз кесибинде да бир топ карьералык тепкичтерге чыгат.
Ата-эненин берген жардамы ар кандай ыкмаларды колдонуп, баланын шыгын аныктоо. Андан кийин шыгына жараша багыттоо. Дегеним, бала кызыккан тармак боюнча ой-жүгүртүүсүн өстүрсө, бала өзүнүн талантына жараша эле кесипти тандап алат. Негизи ата-эненин баласынын кесип тандоосунда кылган жардамы – баласынын шыгын аныктоо. Кантип аныктай алат? Баласы эмнеге жакын болсо демек бул тармакты дагы байкоого алуу керек. Ошондой эле, баланын табигый-так илимдер же гуманитардык илимдерге болгон мамилесин аныктоо. Эгер баласы, инженерияга кызыкса бул тармактагы ишканалар, адистер менен баланы тааныштыруу. Бул мүмкүнчүлүк баланын өзүн-өзү таанууга, анализ кылууга өбөлгө түзөт.
Биринчиден сүйлөшүү керек. Өспүрүмгө айтаарым, эгерде сизин ата-энеңиз тандаган кесибиңиз менен макул болбой жатса негиздүү далилдерди айтып, баарлашыңыз. Маектешүүдө, эмне үчүн ошол кесипти тандап жатканыңызды, келечегиңизди кандай көрөөрүңүздү түшүндүрүп бериңиз.
Бүгүнкү күндө санариптүүлүк менен байланыштуу кесиптерди көпчүлүк ата-энелер тушүнө бербейт. Мисалы, ошондой кесиптерди тандаган болсоңуз, аргумент менен түшүндүрүп бериңиз. Ар бир ата-эне өзүнүн баласынын билимдүү болуусун, жакшы кызматта болуусун каалайт. Эгер жаш өспүрүм, өзүнүн тандоосуна жоопкерчиликтүү болсо ата-эне каршы болбойт деген ойдомун.
Алдыңкы 30 жылдагы перспективдүү кесиптер аталды
HR менеджер – перспективдүү кесиптердин бири
Касиет Кубанычбек кызы