“Санарип аймак” долбоорунун алкагында Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү жарандардын аты-жөнүн санариптештирүү иштерин жүргүзүүдө. Райондун аймагындагы айыл өкмөттөргө бул боюнча маалыматтар берилип, паспорт алуу үчүн жарандар алгач аталган бөлүмдөн каттоодон өтөт.
Ак-Талаа райондук жарандардын абалын каттоо бөлүмүнүн башчысы Болот Акуналиев:
“Бул долбоордун негизги максаттарынын бири электрондук кызмат көрсөтүү болуп саналат. Мына ушуга байланыштуу райондун тургундарын бирдиктүү базага киргизип жатабыз. Анткени, паспортко документ тапшырып жатканда, аты-жөнү базадан чыкпаса, паспорт берүүчү орган жаранды бизге каттоодон өтүүгө жиберет. Бул процедуранын бир жакшы жери сиз тууралуу маалымат базага киргенден кийин электрондук архив болуп сакталып кала берет. Демек, кайсы жерде болбосун паспорт ала аласыз”,- дейт.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк эмне үчүн керек?
Барчын Мамытбекова