“2020-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында Ак-Талаа районунун аймагындагы калктуу конуштардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү максатында, айыл өкмөттөр жана мекеме-ишканалардын ортосунда «Мыкты айыл өкмөтү», «Мыкты мекеме» кароо сынагын өткөрүлөт.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Кенже Карагулова
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтымында жобого ылайык райондук комиссиянын курамы бекитилген. Ошондой эле айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилерине сынактын шарты боюнча маалыматтар жиберилген. Учурда комиссия сынакка жиберилген документтерди кабыл алып жатышат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу быйыл сынак бир аз кечирек өткөрүлуп жатат.
Сынактын жыйынтыгы менен жылдын мыктылары аныкталып, “Өтмө кызыл Туу” берилет.
Эске салсак, 2019-жылдын “Мыкты айыл өкмөтү” деген наамды Кош-Дөбө айыл өкмөтү жеңип алса, “Мыкты мекеме” деп райондук билим берүү бөлүмү аныкталган.
Барчын Мамытбекова