Ак-Талаа районундагы Баетов айылында эки айдан бери чыгарылбай турган таштандыларды “Арууке-Центр” чакан ишканасы колго алып, көчөлөрдү кыдырып жыйнап чыгарууда.
Көчөгө таштандыларды жашоочулар чыгарып коюшат
Таштанды чогултуу учуру
Аталган ишкананын жетекчиси Нурсултан Кубанычбеков:
“Таштандыны убагында чыгаруу ишкананын ишмердүүлүгүнүн бир тармагы. Учурда жаңы баштадык. Жумасына 3 жолу туруктуу чыгарып турабыз. Азырынча 5 адам иштеп жатат. Албетте, иштеген кызматкерлердин эмгек акысы, унаа ижараасы, күйүүчү май дегендей чыгымдар бар. Бирок учурда Баетов айылында 2600 түтүн калк жашайт. Ал эми таштанды үчүн төлөм каражаттары ар бир түтүнгө болгону 50 сомдон. Айыл тургундары туура түшүнүп, төлөм каражаттарды убагында төлөп турса жана чогулган каражат туура пайдаланылса ишти илгерилетүүгө болот”- дейт.
Мындан сырткары, чогултулган таштандыны кызматкерлер сорттошот. Кагаз, желим, курулуш, айнек таштандыларын өз-өзүнчө бөлүп алып, кайра иштетүүгө даярдашат. Ошол себептүү үйдөн таштандыны чогултуп жатканда эле ар бирин ар башка чогултуу зарыл.
«Таза аймак» муниципалдык ишканасы жеке тараптарга өттү
Жаркынай Тыныбекова, Алхан Дүйшөбеков