Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектепте компьютердик окуу бөлмөсүнүн ачылышы болуп, ага айыл тургундары, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөру катышты.
Аталган окуу бөлмөгө АРИС уюмунун долбоору аркылуу 70070 миң сомго компьютердик бөлмө үчүн толук каражаттар алынып келинген.
Тактап айтканда 20 компьютер стол, отургучу менен, эки даана ноутбук жана интерактивдүү доскалар, кара жана түстүү принтерлер менен камсыз болду. Мындан сырткары, төрт видео көзөмөл да бар.
Мектеп директору Жайнак Тобокеловдун берген маалыматына караганда мурда мектепте эски үлгүдөгү 13 компьютер бар болчу. Окуучулар сабакта ошол компьютерлерди колдонуп келишкен.
«Азыр эми компьютерлердин үлгүсү улам жаңы чыгып жатпайбы. Бул маселени чечүү үчүн болгон аракетимди жумшап, тиешелүү тараптарга кайрылып көрдүм. Быйыл долбоор ушул АРИС уюмуна өтүп, колдоого алынды. Компьютер ар бир класстын окуучусуна жетет»,- дейт.
Акталаада жыл мыктылары аныкталды
Барчын Мамытбекова