Быйыл Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылына аз камсыз болгон толук эмес үй-бүлөлөр үчүн типтүү турак үйлөр салынат. Азырынча 15 үй-бүлөгө деп пландалып жаткан бул шаарча “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан курулат.
АРИС уюмунун “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун” алкагында Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылына бардык шарты менен жаңы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курулат.
«Ак-Талаа Жаштары» коомдук бирикмеси 2020-жылы жасалган иштери боюнча жылдык отчет берди. Жыйынга коомдук бирикменин мүчөлөрү, райондун аймагындагы жаштар уюмдарынын жигердүү өкүлдөрү жана район акими Сейтек Кулубаев катышты.
Үстүбүздөгү жылдын 25-январынан тартып, Ак-Талаа районундагы 8 жалпы билим берүүчү орто мектептерде дагы окутуу салттуу режимге өтөт. Бул тууралуу бүгүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев мектептердин жетекчилери менен …
«Баетов- мен сени сүйөм» аталыштагы көркөм композиция “Акталаа жаштары” коомдук бирикмесинин демилгеси астында жасалып, ишке ашырылды.
Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу бала бакчалар дагы аралыктан иштеп жатышат. Ошого байланыштуу Ак-Талаа районундагы бала бакчалардын Жаңы Жылдык балаты майрамына карата иш-чаралар аралыктан уюштурулуп, өткөрүлдү. Бөбөктөрдү Жаңы Жылы менен район акими …
Кыргызстанда 2012-жылы фостердик үй-бүлө деген түшүнүк мыйзам менен бекитилген. Алгачкы фостердик үй-бүлө 2014-жылы Бишкекте пайда болгон. Анда 2005-жылы төрөлгөн бала багып алууга берилген.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине “Келечектин мектеби” долбоору аркылуу электрондук китепкана үчүн жабдыктар коюлду.
Ак-Талаа районунда КОВИД-19 илдети алгачкы жолу үстүбүздөгү жылдын 14-майында катталып, аймактык ооруканага келип түшкөн. Андан бери жети ай убакыт өттү.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын босогосуна ак өргө тигилип, ачылыш аземи болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана жаштар катышты.
Ак-Талаадагы Баетов айылынын тургуну Бүбүалыйман апа учурда 77 жашта. Айылдык мектепте 10-класста окуган небереси Алина экөө жашайт. 1-топтогу майып. Небересинин айтымында оң көзүнө жасалган операция жакшы жыйынтык бербей, залакасы экинчи …
Барчын Мамытбекова
Айыл жергесинде айымдардын ишкердик кылуусу жылдан- жылга арбып баратат. Алар ар кыл тармакта, тигүүчүлүктө, соода иштеринде жана тейлөө кызматтарында иш алып барышууда. Алардын бири ресторан бизнеси менен алектенген 40 жаштагы …
Баетов айылында жолбун иттер короого кирип, малга кол сала баштады. Баетов айылынын тургуну Мирбек Мурзабековдун короосундагы кочкорун 4-5 ит түндө дубалдан секирип кирип, жеп кеткен. Жубайы Гүлбадам Какаеванын айтканына караганда …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 6 аялдама бар. Учурда ошол аялдамалар таланып-тонолуп, отура турган отургуч, жада калса, үстүн жапкан темир материалдардан бери чыгарылып, кароосуз калган.
Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган “Биримдик” командасы өздөрүнүн мектебине желим идиштер үчүн бир, ар кандай таштандылар үчүн эки челек орнотушуп, маалымат тактасын коюшту. Окуучулар бул аракетти …
Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.
Ак-Талаа районунун ооруканасындагы бузулуп калган 2 тез жардам унаасы жергиликтүү тургундардын жардамы менен оңдолуп, ишке берилди.
Айыл тургуну: «Интернеттеги маалыматка ишенип 2-3 кап ун алып сактап алганбыз, бирок эч кандай тартыш болгон жок» Барчын Мамытбекова