«Ак-Талаа Жаштары» коомдук бирикмеси 2020-жылы жасалган иштери боюнча жылдык отчет берди. Жыйынга коомдук бирикменин мүчөлөрү, райондун аймагындагы жаштар уюмдарынын жигердүү өкүлдөрү жана район акими Сейтек Кулубаев катышты.
“Быйыл пандемияга байланыштуу чоң чөйрөдө иштерди жасай алган жокпуз. Бирок болгон күч-аракетти жаштар элге жардам берүүгө, кайрымдуулук кылууга жумшадык. Эл кыйналып турганда четте карап тура алган жокпуз. Ошол эле учурда Баетов айылында үч чакан ишканаларды ачып, жумуш менен камсыз кылдык. Жаңырган жылга жакшы пландарыбыз бар. Райондун аймагындагы айыл жаштары менен дагы иштерди алып барууну пландап жатабыз”,-дейт.
Отчеттук жыйында жаштар ар кандай сунуш-пикирлерди айтышты.
Ал эми район акими Сейтек Кулубаев жаштардын демилгелери, идеялары менен жасалып жаткан иштер алкоого аларлык деп белгилеп, ыраазычылык билдирди жана жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтуп, бирге иштешүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Жигердүү жаштар: “Ак-Моюн Жаштары”
Барчын Мамытбекова