Баетов айыл өкмөтүнүн 2021-жылы үчүн бюджети бекитилди. Бюджетти бекитүүгө айыл тургундары же коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан жок. Айрым депуттардын маалыматына караганда бул сессияга депутаттар толук катышкан жок. Бюджет боюнча комитет бекитүүгө чейин отурум дагы өткөн эмес.
Бул боюнча Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков:
«Бюджет боюнча коомдук угуу август айында өтүш керек эле. Бирок кырдаалга байланыштуу элди чогултуп, өткөрө алган жокпуз. Отчеттук жыйында ачык угуу болот деп маалымат бергенбиз. Эч ким катышкан жок. Бюджетти бекитүүдө айылдагы бир топ маселелерди эске алдык. Алардын эң маанилүүлөрү айылда куруулучу соц.обьектилерге өздүк салым. Ал эми бюджеттик комитеттин милдеттерин депутаттар өздөрү аткарышты. Башкача айтканда алар ар бир статьяны карап чыгышып, ошого жараша каражаттарды бөлүштүрдү”,- дейт.
Айыл өкмөт башчысынын айтымында быйыл жаштардын эс алуучу жайынын, А.Султаналиев көчөсүндөгү таштанды төгүлгөн жайдын айланасын тосуу иштери пландалып жатат. Ошондой эле Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебиндеги кичи футбол аянтчасын бүтүрүү иштери турат деп кошумчалады.
Барчын Мамытбекова