Кыргызстанда 2012-жылы фостердик үй-бүлө деген түшүнүк мыйзам менен бекитилген. Алгачкы фостердик үй-бүлө 2014-жылы Бишкекте пайда болгон. Анда 2005-жылы төрөлгөн бала багып алууга берилген.
Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлумүнүн башкы адиси Улук Бегалы уулунун айтымында фостердик үй-бүлөгө каалаган жубайлардан ар дайым билдирмелер кабыл алынат.
“Мындай үй-бүлөнүн негизги максаты-зордук-зомбулук көргөн же өмүрүнө коркунуч келген балдарды убактылуу үй-бүлөгө жайгаштыруу. Ал эми мындай фостердик үй-бүлө болуш үчүн ата-эне белгилүү бир талаптарга жооп бериши жана баланы тарбиялоого чейин окуулардан өтүшү керек. Учурда райондо бир гана фостердик үй-бүлө бар”,- дейт.
Ал эми фостердик үй-бүлө деген эмне, кандай балдар кабыл алынат, анын талаптары кандай?
Кароосуз калган балдарды убактылуу карап берген мындай жайлар тууралуу башкы адис Улук Бегалы уулу айтып берди:
Барчын Мамытбекова