Учурда ата-энелердин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында 397 бала жана бала асырап алууга талапкер болгон 827 адам турат. Бала асырап алуу шарттары, жол- жобосу жана фостердик үй-бүлө туурасында …
Кыргызстанда 2012-жылы фостердик үй-бүлө деген түшүнүк мыйзам менен бекитилген. Алгачкы фостердик үй-бүлө 2014-жылы Бишкекте пайда болгон. Анда 2005-жылы төрөлгөн бала багып алууга берилген.
Турмуштук түрдүү кырдаалдардан улам ата-эне мээриминен ажырап, бүгүнкү күндө балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдардын саны 12 миңди түзөт. Балдар үйү — баланын курсагын тойгузуп, ден-соолугун караганы менен ага үйдөгүдөй мээрим …