Учурда ата-энелердин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында 397 бала жана бала асырап алууга талапкер болгон 827 адам турат. Бала асырап алуу шарттары, жол- жобосу жана фостердик үй-бүлө туурасында алдыда сөз болот.
Турмуштук оор кырдаалдарга кабылып, ата-энесинин камкордугунан ажыраган ар бир баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө жашоосуна шарт түзүү керек. Мындай балдарды үй-бүлөлүк курчоо менен камсыз кылуунун 3 түрү мыйзамда каралган:
-балдарды багып алуучу үй-бүлөгө (фостердик) жайгаштыруу
-балдарды камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө берүү
-балдарды асыроого берүү
Кароосуз калган балдар интернат тибиндеги мекемелерде жайгаштырылган. Өлкө боюнча андай мекемелерден 137 бар аларда 10миңден ашык балдар багылат. Алардын 3-4% тоголок жетим балдар бул топтогу балдар асырап алууга берилет. Калган 10миңден ашык балдар убактылуу багып туруучу үй-бүлөрдө же камкорчулукта болот. Анткени алардын ата-энесинин бирөө бар же жакын туугандары болсо толук асыроого берилбейт.
Фостердик үй-бүлө менен баланы асырап алуучу үй-бүлөлөрдүн кандай айырмачылыгы бар?
— Бул эки иниститутту адамдар алмаштырбаш керек бул эки башка нерсе. Фостердик үй-бүлөдө бала убактылуу келишимдин негизинде каралат. Бул үй-бүлөгө ата-эненин кылып жаткан жумушуна мамлекет ай сайын акча бөлүп турат. Бул баланы убактылуу карап берет десе туура болот кийин өзүнүн атын жаздырып бере албай башка үй-бүлө мүчолөрүндөй укуктарга ээ боло алышпайт. Ал эми асыроого алынган балдар соттун чечими менен болгондуктан өзүнүн фамилиясын бере алат баланын туулган жерин өзгөртүүгө мүмкүн ошондой эле асырап алган балдар өзүнүн баласындай эле укуктарга ээ боло алышат.
Балага асырап алууну каалагандар кайда кайрыла алат? Алардан эмне талап кылынат?
— Ар бир жаран социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрыла алышат. Ал жактан бала асырап алууну каалаган жарандар арыз менен кайрылганда тактай турган документтердин тизмеси берилет аларды чогулткан соң бардыгы туура келсе кандидант болуп турат. Андан кийин асырап алчу бала менен бир канча ирет жолугушуулар уюштурулат, бири-бири менен мамиле курулат бардыгы төп келгенден кийин гана сот аркылуу чечим чыгат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Үй бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Айнура Шаршеналиева көп жылдан бери талапкер болуп турган талапкерлер кезек жылбай жатат деген нааразычылыктарын бул алардын кичинекей балдарды жана ден-соолугу чың баланы багып алышыбыз керек деген тандоосунан улам болуп жататканын айтат:
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй- бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Айнура Шаршеналиева
“Фостердик үй-бүлө болобу же бала асырап алуудабы балдарды багууга шарты жана эң башкысы балага мээрим төгүп, тарбия берген талапкерлер болсо жакшы болот эле. Бизде баланы асырап алып кайра кандайдыр бир себептер менен андан баш тартып койгондор дагы болот. Себептери өтө кичинекей баланы багып алса кийинчерээк ал оорулуу болуп кала турган болсо же майыптыгы бар экени билинсе ата-энелер андан баш тартышат. Ошондуктан бул кадамга өтө ойлонуп барып жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам. Мындай тобокелчиликтерге башында эле даяр болуш керек. Кийин бага аламбы, оору болуп калса эмне болот дегенге. Анткени бул балдар дагы ансыз деле оор турмуштук кырдаалдарга кабылган.”
Балаңызды 1-класска электрондук каттоо үчүн арыз толтуруу жол жобосу
“Топурак арыктап баратат, ал кумга айланып кеткенче көңүл буруу зарыл”
Оорулуу малды эч качан жайытка же жайлоого алып чыкканга болбойт
Айгерим Кубатбекова