Ит мурун роза гүлдүүлөр тукумундагы жапайы өсүмдүк. Ит мурундун тикендери дагы бар, бирок ошол эле учурда ал С витаминине жана башка пайдалуу микроэлементтерге бай.
Ит мурун өсүмдүгүнүн сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал, гүлү беш мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө, жалгыздан же топ гүлдөн турат.»Ит мурун» аталышы роза гүлүнүн жапайы же өзгөрүлбөгөн түрү.
Ит мурун тикендүү бадал,бийиктиги 2 метрге чейин жетет.Кышка, кургакчылдыка чыдамдуу келет.
Табигый шарттарда жапайы роза тоо этектеринде, дарыя өрөөндөрүндө өсөт жана талааларда өсүмдүктөрдүн ондогон түрлөрү кездешет. Мөмөсү майда жаңгакча, катуу түкчөлөр менен капталган. Ит мурун жемиштери дары чөптөрдүн чийки заты бышуу мезгилинде чогултулган ит мурундун ар кандай түрлөрүнүн мөмөлөрү: май, тикендүү, Даурян, Федченко жана башкалар.
Кургатылган түрүндө алар дарыканаларда сатылып, инфузия жасоодо колдонулат. Сироп чийки жемиштердин ширесинен, ал эми экстракты мөмөлөрдүн өзүнөн жасашат.Ит мурун кант, крахмал, С, В2, К, Р витаминдер жана азоттуу заттарга бай. Анын мөмөсү тамак-ашка жана С витаминин алууда сырьё катары пайдаланылат. Алардын тамырлары айланасындагы кыртышты бекем кармайт, селден сактайт, жер көчкүгө туруштук берет.
Ит мурундун ичинен эң баалусу раушан жана корица гүлү.
Көп кездешүүчү түрлөрү борпоң ит мурун тикендүү ит мурун, жазы тикендүү ит мурун ж.б.
Ит мурундун дарылык касиети илгертен бери эле белгилүү. Дарылык жана профилактикалык максатта ит мурундун дээрлик бардык бөлүктөрү колдонулат, бирок мөмөлөр эң пайдалуу деп эсептелет. Бул алардын курамында С витамининин көп болушуна байланыштуу, анын концентрациясы кара карагат менен лимонго караганда жогору турат.
Дары чөп: Адырашман чөбү көп ооруларды алдын алат
Назик Арстанбек кызы