Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин 2018-жылкы берген маалыматына таянсак Кыргызстанда 20 баш гана мадыл калган. Мадылдын бир нече түрү бар. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катарын толуктайт.
Мадыл мышыктын бир түрү. Токойдо, тоодо жашоочу жапайы жаныбар. Жырткыч жаныбарлардын катарына кирет. Коён жана башка жаныбарлар менен азыктанат. Мадыл жаныбары кызыл китепке 1975-жылы кирген. Аты аталган жандыкты атып жиберсе же өлтүрсө 25миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат. Нарын, Ысык-Көл,Чаткал, Суусамыр жерлерин байырлайт.
Мадыл жаныбары жылына 1-2 жолу төлдөйт. Сүт эмүүчүлөргө кирет.
Өткөн кылымдарда мадылдын саны көп болгон, ал эми акыркы жылдары кескин түрдө азайып кеткен.
Азайып бара жатканынын бирден бир себеби, бул жаныбар суук жерлерди байырлайт. Тамак таппай жана суукка чыдабай өлүмгө дуушар болгондору дагы бар.
Мадылдар үй жаныбарлары сыяктуу эле оорулар менен оорушат. Бирок алыскы тоолордо жашаганына байланыштуу эмне оору менен ооруганы толук изилденип бүтө элек.
Ак илбирстин тукуму жыл сайын азайууда
Бегимай Бакасова