Адырашман бул көптөгөн ооруларга даба болуучу дары чөп. Май, июнь айларында гүлдөп, сентябрь, октябрь айларында уругу бышат. Көп жылдык дары чөптү медицинада да колдонулуп келет.
Адырашман чөбү жөтөл, кызыл жүгүрүк, сасык тумоо ооруларына каршы пайдаланылат. Эки түрү бар, уулу жана уусуз. Ак гүлдүүсү уусуз, ал эми кара көгүлтүрү уулу болот. Дарычылыкка уусузун колдонушат. Аты аталган дары чөптү күйгүзүп арча сыяктуу түтөтүп, үйдү аластаса болот. Бул дары чөп менен соода сатык кылып иштегендер да кездешет.
Адырашман чөбү
Бул чөп Италия жана Испания өлкөлөрүндө дагы кездешет
Дары жасаш үчүн адегенде уругун терип алуу керек. Адырашман чөбүн колдоноордун алдында даарыгер менен кеңешүү талап кылынат.
Бегимай Бакасова