Үстүбүздөгү жылдын 25-январынан тартып, Ак-Талаа районундагы 8 жалпы билим берүүчү орто мектептерде дагы окутуу салттуу режимге өтөт. Бул тууралуу бүгүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев мектептердин жетекчилери менен өткөрүлгөн кеңешмеде маалымдады.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты кеңешме учурунда
Кеңешмеге катышып жаткан билим берүү мекемелеринин жетекчилери
Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы
«Райондо 2020-жылдын 7-декабрынан бери 10 мектеп толук, ал эми 8 мектеп экинчи алгоритм менен окуп жатышат. Окуучулардын сабакка катышы жакшы көрсөткүчтө. Мектептерде мындан ары дагы санитардык гигиеналык талаптарды сактоо, окуучулардын жана мугалимдердин ден-соолугуна көзөмөл жүргүзүү менен 25-январдан баштап райондогу бардык мектептер окутуунун салттуу режимине өтөт.
Мектеп жетекчилигине жугушсуздандыруу иштерин жүргүзүү, окуу процессин талапка ылайкы уюштуруу ж.б боюнча минстрликтин атайын алгоритми бар. Ошого ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилди. Бала бакчаларды 1-февралдан баштап ачууну пландап жатабыз»,- дейт.
Ал эми ата-энелер балдарын мектепке антисептик каражаттары жана беткап менен жиберүүсү зарыл. Эгерде мектепке баласын жибергиси келбесе окуучу окууну аралыктан уланта берет.
Кенже Карагулова Акимдин орун басары
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова райондо салттуу окутуу башталгандан бери окуучулар арасында мезгилдүү сасык тумоодон башка КОВИД-19 жана пневмония менен катталган окуучулар жок экендигин айтты.
Эске салсак, 3-чейректе райондук штаб окуу процессин салттуу режимге өткөрүү чечимин чыгарганы менен облус жетекчилигинин буйругуна ылайык райондогу 8 мектепте окутуу аралыктан жүргүзүлүп жаткан.
Барчын Мамытбекова