Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери мугалимдерге министрлик тарабынан кыскартылган бир нече иш-кагаздары боюнча аралыктан көрсөтмөлөрдү берүүдө. Методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиеванын айтканына караганда бул-мугалимдердин талабы. Бирок алар жүргүзүүгө милдеттүү эмес болгон иш кагаздарын таптакыр кыскартып салуу негизги максат эмес.

Милдеттүү эмес иш-кагаздары боюнча онлайн көрсөтмө берүү учуру

Ар бир мектептин мугалимдерине аралыктан көрсөтмө берүү учуру


Чынар Сатындиева Райондук билим берүү бөлүмүнүн мет.кабинеттин башчысы “Бул иш-аракеттин артында мугалимдер сабакка өз каалоосу менен кирсе, сабагын натыйжалуу өтүүгө жетишсе, ал кагаз кана, бул кагаз кана деп сураттырбай аткарышса деген максат бар. Акырындап келип ушундай денгээлге жетүү керек. Эч кандай натыйжа бербеген, кайталанма, кереги жок кагаздарды жазып, аны чогултуп коюунун кандай мааниси бар? Мугалим ар дайым изденип, билимин өркүндөтүп туруусу керек да. Ал эми көчүрүү экзамендерин жойгону туура”,- дейт.
Учурда мугалимдер менен болгон жолугушууда айтылган сунуштар топтолуп, сурамжылоолор жүрүп жатканын жана алар министрликке жиберилерин кошумчалады Чынар Сатындиева.
Акталаада мектептер толук түрдө окутуунун салттуу режимине өтөт
Барчын Мамытбекова