Жайыл районуна караштуу Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ быйыл жылдагыдан айырмаланып, кыш мезгили жеңил ѳтүүдѳ. Суусамыр метеостанциясынын берген маалыматына караганда бул жылы түшкѳн кардын калыңдыгы бүгүнкү күнгѳ карата 13 сантиметрди түзѳт. Ал эми, бул аймакка ар жылы 40 сантиметрден ашык кар жаап келген.
Мындай кѳрүнүш Суусамыр ѳрѳѳнундѳ алгачкы ирет катталып жатканын айтат аймактык метеостанциянын техник-метеорологу Узак Муратбек уулу:
Узак Муратбек уулу- техник метеоролог
“Негизи Суусамыр ѳрѳѳнүнѳ мүнѳздүү кар калыңдыгы 40-41 сантиметрдин тегереги. Быйылкы кардын калыңдыгы болсо 13 гана сантиметрди түзүп турат. Мындай кѳрүнүш Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ биринчи жолу болуп жатат”.
Ал эми, элеттик жашоочулар кардын аздыгы мал-жан үчүн пайдалуу болуп, тоютка үнѳм экенин айтышат. Айыл тургуну Жоомарт Артылбековдун айтымында кыш ортолоп калганына карабай мал толук бойдон колго алына элек.
Жоомарт Артылбеков- айыл тургуну
“Кыштын жеңил болгону мал-жанга жакшы болуп жатат. Ѳзгѳчѳ тоютту үнѳмдѳѳгѳ аябай пайдалуу болууда. Мурда ноябрь айынан баштап мал колго алынып, тоют чѳп кѳп сарпталчу. А быйыл болсо, кар аз түшкѳндүктѳн мал ушул убакка чейин талаага жайылып жатат”, – деди Жоомарт Артылбеков.
Аймактагы кардын аздыгын тоолордогу кара жерлердин көрүнүп турганынан көрсөк болот
Бирок, аймактык метеоролог Узак Муратбек уулу, кардын аз жааганы келерки жайдагы түшүмдүүлүккѳ терс таасирин тийгизиши ыктымал экендигин айтты. Анткени жай айындагы түшүмдүүлүк жана мал тоютунун аз же кѳп жыйналышы кайсы бир деңгээлде кыштагы абалдан кѳз каранды. Ошондой эле, жергиликтүү метеоролог жай айы жаанчыл болсо, жогорудагы коркунучту оңдоп кетээрин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Суусамыр ѳрѳѳнү Кыргызстандын климаты катаал аймактарынын бири катары белгилүү. Аталган аймакта январь айынын орточо температурасы -20-21 ͦС ни түзсѳ, эң тѳмѳнкү температура -40-45 ͦС ге чейин жетет.
Жанбулат Жумабеков