Быйыл Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылына аз камсыз болгон толук эмес үй-бүлөлөр үчүн типтүү турак үйлөр салынат. Азырынча 15 үй-бүлөгө деп пландалып жаткан бул шаарча “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан курулат.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбековдун айтканына караганда айыл аймакта 13миңге жакын киши жашайт. Булардын ичинен жакыр үй-бүлөлөр 32% түзсө, көпчүлүгүнүн менчик турак үйлөрү жок. Ал эми айрымдарынын турак жай курууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептүү кайрымдуулук фондго кайрылууга туура келди. Социалдык шаарчанын ичинде чакан ишкерлик үчүн тигүү цехтери дагы болот” дейт.
Социалдык шаарча курууга жер тилкеси бөлүнүп берилген. Жаз менен куруу иштери баштала тургандыгын белгиледи.
Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылына ФАП курулат
Барчын Мамытбекова