Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата иш-чара болуп, ага афган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Алгач Афган согушунда курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Андан сон райадминстрациянын жыйындар залында ардагерлерге юбилейлик төш белгилер, Ардак грамота, Ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ак-Талаа райондук аскер комиссары Урматбек Икрамбаев берген маалыматына караганда райондон 51 жоокер Афган согушуна катышып, бири курман болгон. Ал эми 2 жоокер “Кызыл Жылдыз” орденинин ээлери. Учурда аскер комиссариатында 23 жоокер каттоодо турат.
Мындан сырткары, айыл өкмөт башчылары да акчалай сыйлыктарын беришип, каалоо тилектерин айтышты.
Акталаада жыл мыктылары аныкталды
Барчын Мамытбекова
Сүрөт: Акбар Кеңешбеков