“Китеп той” маданий-интеллектуалдык кечеси бул жылы “Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнүнө” карата Ош шаарында өткөрүлдү. Китеп майрамына арналган иш-чарага 700гө чукул адам катышты.

Ошто «китеп той» өттү
Иш-чарага коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, Баян Акматов, Самара Сабирова жана Азиз Батыровдор келип, Ош элине руханий-интеллектуладык азык тартуулашты. Китеп майрамына арналган кечеде китеп жарманкеси уюуштурулду.
“Китеп той” маданий-интеллектуладык кечесинин негиздөөчүсү Айгерим Нурболот кызы алдыда бул иш-чаранын Жалал-Абад, Нарын, Ыссык-Көл, облустарында өтүлүүсү пландалып жатканын билдирди.
“Китеп той” маданий-интеллектуалык кечеси акындардын айтышы, спектакль, поэзия мүнөттөрү, көрөңгөлүү инсандардан семинар, патриоттук ырлар, комуз, китеп жарманкеси, жаңы чыккан китептердин баяндамасы жана интеллектуладык оюндар менен коштолот. Элдин нукура баалуулуктарын даңазалап, өлкөнүн агартуу тармагын өнүктүрүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга багытталат.
Белгилей кетсек, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында уштурулуп келе жаткан «Китеп той» долбоору 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Бишкекте китепке арналган той өттү
Караколдо «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнү белгиленди