Ак-Талаа районунда «Билим кербени» долбоорунун алкагында сынактын экинчи туру өткөрүлдү. Сынак Мамбетасан Ибраевдин “Биз эмнеге муктажбыз” аттуу китебинин негизинде уюштурулуп, ага китеп сүйүүчү окуучулар катышты.
Уюштуруучулардын айтымында аталган сынактын максаты мектеп окуучуларын китеп окууга, сүйүүгө тарбиялоо менен бирге кесип тандоосуна багыт берүү. “Жаштар арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. Анткени учурда көпчүлүк китеп окууга көңүл бурбай калдык. Канчалык көп китеп окусак, билим ошончо өсөт. Ар бир нерсенин өз учуру бар. Демек силердин азыр окуй турган убагыңар”-дейт
Окуучулар аталган китеп боюнча түзүлгөн 55 тесттик суроолорго жооп беришти. Сынакта Бердалы Календеров, Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин окуучулары мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында жогорку упайларды топтой алышкан 10 окуучу май айында өтүүчү сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.
Акысыз кыргыз тилдүү китептерди кайдан окуса болот?
Барчын Мамытбекова