Бүгүн Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Ачык эшиктер күнү” өттү.
«Ачык эшик күнүнө» мектеп окуучулары катышты
өрт өчүрүүчү кызматкерлер окуучуларга инструктаж өтүүдө
Ага Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары катышты.
Бакыт Үтүкеев бөлүмдүн офицери (солдон биринчи)
Райондук бөлүмдүн офицери, улук лейтенант Бакыт Үтүкеевдин айтымында аталган иш-чара бекитилген иш мерчемдин негизинде билим берүү мекемелери менен биргеликте өткөрүлдү.
Окуучуларга инструктаж өтүүдө
Өрт өчүрүү үчүн атайын кийимдерди кийүү эрежелери
өрт өчүрүүдө кийимдерди кийүү эрежелерин көрсөтүүдө
окуучулар өт өчүрүүчү шаймандар менен таанышууда
“Ачык эшик күнүндө” окуучуларды өрт өчүрүүчү унаанын өрт колдонмо шаймандары менен тааныштырдык. Өрт өчүрүүгө унааны кантип даярдоо керек, кайсы шаймандарды билүү маанилүү, алар кантип иштейт мына ушулар тууралуу окуучуларга түшүндүрмө бердик. Ошондой эле дагы бир максаты-окуучуларды кесипке багыт берүү”,- дейт Бакыт Үтүкеев.
Айпери Кубанычбекова