Урматтуу Ак-Талаа районунун тургундары токойлордо жүргөндө өрт коопсуздук эрежелерин сактайлы. Жаратылыш байлыктарын, экологиялык тазалыкты сактоо үчүн өрттүн алдын алуубуз керек. Учурда жаз мезгилинде эс алуулар башталганлыктан токойлордо жагылган отту, тамекинин калдыктарын, оңой күйүүчү заттарды толугу менен өчүрүп кетүүнү унутпаңыз.
Эрежелер сакталбагандыктан от тутанып, токойлордо жана талааларда өрт чыгып, бир катар социалдык-экономикалык чыгымдарды алып келүүдө.
Эгер өрт чыкса төмөнкүлөрдү билүүбүз керек.
-Өрт чыкканын байкасаныз же өрт болуп жатканын көрсөңүз дароо «101-112» телефонуна чалып билдириңиз.
-Билдирүү учурунда өзүңүздүн толук аты-жөнүңүздү, өрт болуп жаткан даректи так, даана айтууңуздар зарыл.
-Колдо бар шаймандар менен өрт өчүрүүгө аракет кылыңыз себеби: өрттүн күчөшүнө тосколдук кылат, бул жарандардын жардамы өрттү ыкчам өчүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Ак-Талаа районунун айылдары алыс жайгашкандыктан № 47-өрткө каршы куткаруу кызматынын кызматкерлери өрт кырсыгы катталган жерге убагында баруусу татаал. Өрт кырсыгынан алыс бололу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактай билели.
Маалымат Ак-Талаа райондук ӨКБнүн башчысынын орун басары капитан Кылыч Суранбаев тарабынан даярдалды.
Өрт өчүрүүчү шаймандарды колдоно билүү маанилүү
Барчын Мамытбекова