Кыргызстанда айылдык кеңештердин депутаттарын жана референдумду шайлоо 11-апрелде болуп ѳттү. Маалыматка ылайык, 420 айылдык кеңештеги 7560 мандатка 18 772 талапкер катталган. Анын ичинен 5300ү – аялдар болгон. Ал эми Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жалпы элүү талапкер ат салышты.
Алардын ичинен он талапкер аял болду. Барскоон айыл аймагынын депутаттарына жалпысынан жыйырма бир мандат тапшырылып, алардын сегиз мандаты аялдар үчүн берилген.
Барскоон айылындагы № 3198 шайлоо участоктогунда шайлоонун жүрүшү абдан шайңдуу жана тынч ѳткѳндүгүн жана талапкерлер ынтымакташып иш алып баргандыгын, шайлоо участкасынын тѳрайымы Нуржамал Эралиева тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:
Нуржамал Эралиева № 3198 шайлоо участкасынын тѳрайымы
«Биздин шайлоо участкада шайлоо абдан тынч ѳттү. Анткени талапкерлер бири-бирин жакшы таанышат. Баардык талапкерлердин тилеги, оюу бир эле болчу. Алар айылга ѳз салымдарын кошуп, айылды ѳнүктүрүү. Ошондуктан атаандашуу, ызы-чуу жана мыйзам бузуулар катталган жок. Эл аралык байкоочулар катышып акыркы кол санакка чейин карап отурушту. Мурдагы шайлоолордой бул шайлоо ѳзгѳчѳлѳнүп байкоочулар патент менен келип катталуусун талап кылынды.»
Аталган шайлоо участкасынын эң кѳп добуш алган талапкер Тилек Рысмендеев шайлоого чейин үгүт иштерин жүргүзүү учурунда, айыл тургундары шайлоодон тажап калгандыктарын билдиришти,- дейт.
Тилек Рысмендеев жергиликтүү кеңештин депутаты
«Тез-тезден эле шайлоо болуп атып элдин шайлоого болгон ишеничи артка кете баштаган ѳңдѳнѳт. Анткени үгүт иштерин жүргүзүү учурунда шайласаң деле баары бир экен деген сѳздѳрдү да уктук. Бул шайлоого жаштар кѳбүрѳѳк катыштык десем жаңылышпайм. Элдин ишенимин артырып айылдын кѳйгѳйлѳрүн кѳтѳрүп, ѳз салымыбызды кошобуз деген тилегим бар».
Шайлоо жүрүшү башталган учур жазгы талаа иштерип менен бир мезгилге туш келгени жарандарды капалантты. Кѳпчүлүк жарандар талаа иштери менен алек болуп шайлоону деле унутуп калышты. Мындан тышкары жергиликтүү кеңеш менен бирге референдум да шайланды. Бирок, карапайым калк референдум менен анча түшүнүгү жок болгондугун айыл тургуну Майрамкүл Саданбекова оюун ортого салды:
Айыл тургуну Майрамкүл Саданбекова
«Шайлоо учурунда жазгы талаа иштери да башталып элдин кѳбүнчѳсү талаачылыкта болуп калды. Ошол себептерден улам шайлоого аз келишти деп ойлойм. Негизинен шайлоо жакшы ѳттү десем жаңылышпайм. Талапкерлердин 80 пайызы жаштар жана шайлоого катышкандардын кѳпчүлүк бѳлүгү жаштар болду. Эмнегедир бул шайлоо Жогорку кеңештин шайлоосунан да шаңдуу ѳттү. Элдин маанайлары ачык болду. Болгону карапайым калктын референдум боюнча маалыматтары жок экени мени ѳкүндүрдү».
Гүлкайыр Осмоналиева