Кочкор айылындагы №4133 шайлоо тилкеси өз убагында саат 8.00 дө ачылып, 83 жаштагы Төлөгөн Сатылганов ата каалоо-тилектерин айтып, шайланып келген депутаттардан мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуусун айтып, урнага эң биринчи болуп бюллетенди салды.
Кочкор айылынын тургуну Роза Бекболотова: “Өзүмдүн жарандык милдетимди аткарып, добуш бердим. Элдин көйгөйүн чечкен талапкерди шайладым, элдин ишенимин актайт деп ишенем”.
4133 шайлоо тилкесинин төрайымы Лира Астраханованын айтымында бул шайлоо тилкесинде 1581 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын катышы жакшы. Саат 11лер чамасында 86 адам добуш берди. Ал эми участканын расмий жыйынтыгы боюнча 1581 катталган шайлоочулардын 665 шайлоочу катышты.
4133 шайлоо участкасынын байкоочусу Басира Көчөрова: “Шайлоо процесси тынч өтүүдө, мыйзам бузуу катталган жок. Шайлоочулар аралыкты сактап беткап тагынууда. Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда”,- деп билдирди.
Бирок бул шайлоодо 11-январь президенттик шайлоого караганда элдин катышы аз болду. Мисалы анда 680 шайлоочу добуш берген.
Кудайберген Салморбеков