Ак-Талаа районунда 1-класстан тарта 4-класска чейинки окуучуларды витаминдүү тамак-аш менен камсыз кылуу жана мектептердин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатында өткөн жылдан бери 12 орто мектепке жалпы 14 360 түп алма, 275 түп өрүктүн көчөттөрү отургузулган.
Мугалимдер көчөт тигүүдө
Т.Оторов атындагы орто мектепте көчөт отургузулду
Көчөттөрдү отургузууга мугалимдер жана окуучулар катышты
Отургузулган көчөттөр дароо сугарылды
К.Молдобасанов мектебине мөмө көчөттөрүн мугалимдер отургузду
Ш.Бейшеналиев мектебиндеги көчөт отургузуу
Ш.Бейшеналиев атындагы мектептин жамааты
Каныбек Эсеналиев билим берүү бөлумүнүн башчысы
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында алма өрүктүн көчөтү эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашууда. Жемиш бактардын көчөттөрү атайын талаптарын сактоо менен тамчылатма сугаруу ыкмасында сугарылат.
Көчө отургузулган мектептер;
• Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине 130 түп алма, 25 түп шабдаалы,
• Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебине 280 түп 2 түрлүү алма, 80 түп өрүк,
• Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебине 125 түп алма, 50 түп өрүк,
• Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебине 60 түп 2 түрлүү алма, 40 түп өрүк,
• Ак-Кыя айылынын Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебине 60 түп алма,
• Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебине 400 түп 3 түрлүү алма,
• Ак-Тал айылынын Аскар Турдакунов атындагы орто мектебине 280 түп алма, 80 түп өрүк,
• Кызыл-Белес айылынын Сүйүмбек Атамбеков атындагы орто мектебине 100 түп 3 түрлүү алма отургузулду.
Бул алма, өрүк отургузулган аянтчаларын айланасы тосулуп берилген.
Акталаадагы мектептерде мөмө- дарактарынын көчөттөрү отургузулду
Барчын Мамытбекова